Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан “Равза” медресесинин окуучулары “Негизги компьютер билими” адистигине ээ болушту. Алар №43-кесиптик лицейи менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыска мөөнөттүү “Негизги компьютер билими” курсуна кабыл алынып, окутуу “Равза” медресесинде жүргүзүлдү. Келишим №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев, «Равза» медресесинин жетекчиси Ускенбай ажы Каландаров менен 2024-жылдын 25-январында түзүлгөн.
Срөттө; №43-кесиптн мугалими Эмиль Ачикеев «Равза» медресесинин окуучулары менен (ортодо)
Медресе окуучулары жыйынтыктоо тестерди тапшырууда
Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейи «Равза» медресесинин 13 окуучусуна «Негизги компьютер билими» адистиги боюнча кыска мөөнөттүк окутуу курсунун аяктады. Кесиптик лицейдин мугалими Эмиль Ачикеев медресе окуучуларына компьютердик системалар жана маалыматтар үчүн ишенимдүү коргоону түзүүнү, маалыматтык коопсуздук, веб-дизайнды жана колдонмо интерфейстерин, Word, Power Point, Exsel, Zoom ж.б. программалары боюнча практикалык сабактарды уюштурду. Ал эми бүгүн медресе жаштары кыска мөөнөттүк окуу курсунун аякташы менен жыйынтыктоо экзамендерин тапшырышты.
Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин улуу устаты: Сажида Садабаева
№43-кесиптик лицейдин улуу устаты Сажида Саадабаева: «Жаны-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресеси негизинен куран жаттоо багытындагы, орто медреселердин катарына кирет. Бул медреседе айылдын 9-класстан кийинки эркек балдары жана кыздары кабыл алынат. Ал эми мектепте окуган балдар эне-атасынын каалоосу менен мектептеги сабактары аяктагандан кийин кружок катары окуй алышат. Бүгүнкү күндө, ааламдашкан заманы мезгилинде, ар кандай маалыматтарды күндө угуп-көрүп жүрөбүз. Азыркы жаштар, эң негизги басым жасай турган нерсе – радикализм-экстремизм сыяктуу жаман адатка кабылбаш үчүн келген маалыматтарды түз кабыл албоодон байкашыбыз керек. Дин бул мекемелерге эле тиешелүү эмес, жалпы билим берүү системасына да керек болуп турат. Мына ушундай айылдык медреселерге светтик предметтер кирип, эртеңки күндө мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду алып, таанылса жакшы болмок. Азыр илим менен динди бөлбөй тескерисинче айкалыштырыш керек. Интернет булактарындагы айрым маалыматтарга таянсак, илим менен дин бириккен учурда ислам дүйнөсү, ислам цивилизациясы алдыга кетип өнүккөн. Мисалы Европанын медицина факультеттеринде ибн Синанын илимий чыгармаларын окушат. Ошол эле ибн Сина, Аль-Хараси, Аль-Бируни, Улукбек, Аль-Фараби, ибн Халдун, булардын бардыгы геометрияны, физиканы, медицина, астрономияны, ошол эле мезгилде дин илимдерин да абдан мыкты билишкен».
Турсун Омуралиева