Чүй облусунун Сокулук районунда өткөрүлгөн «Бош орундар жана кесипке багыт» жарманкесинин максаты, жумушсуз калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн көмөк көрсөтүү боюнча өткөрүлдү. Жарманкеде Сокулук району боюнча 500дөн ашык бош жумуш орундары бар экендиги жөнүндө маалымат берилип, 15тен ашуун бир канча ишканалар ар кандай тармактагы кесипкөйлөрдү кызматка чакырууда болду. Ал эми Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейи келечекте кесипке багыт беррүүчү адистиктер боюнча маалымат беришип, окуучулардын колунан жаралган көргөзмө буюмдарын алып чыгышты.
Сокулук районунда өткөрүлгөн «Бош иш орундар жана кесипке багыт» жарманкесине Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде окутулуучу кесиптер боюнча маалымат кампаниясын өткөрүү менен кесипке багыт берүү үчүн учурдун талабына ылайык болгон адистиктер жөнүндө маалымат берилди. Жарманкеде №43-кесиптик лицейдин окуучуларынын кол эмгектеринен жасалган кол өнөрчүлүктөрү, ашпозчу кесибинде окуп жатышкан келечектин жаш ашпозчуларынын колдорунан чыккан даамду тамак аштары койулду. №43-кесиптик лицейинен Чынара Алиева, Айчүрөк Байбосунова, Айнура Ырыскелдиева жана ашпозчу кесибинин студенттери катышып, лицейде окутулуучу адистиктер жөнүндө маалымат кампаниясын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болду.


№43-кесиптик лицейде «ашпозчу» кесибинде окушкан студенттердин колдорунан чыккан даам татымдар
Турсун Омуралиева