Кочкор районунун Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде, мектептин айланасын жашылдандыруу максатында «Бир адамдан бир көчөт» акциясы старт алды. Иш-чарага жергиликтүү бийлик башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.
Бул иш-чаранын демилгечилери Айылдык кеңештин депутаттары Кубанычбек Кадыров жана Съездбек уулу Жоомарт эсептелинет. Алгачкылардан болуп 1992-жылы туулган айыл тургундары 70 түп алма бак, Айылдык кеңештин депутаттары Кубанычбек Кадыров 50 түп карагаттын көчөтүн, мектептин мугалимдер жамааты 50 түп мөмө-жемиш багын алып беришип демөөрчүлүк кылышты.
Демилгечилер жана мектеп жамааты
Ал эми жаш депутат Съездбек уулу Жоомарт да жекече өз салымын кошту. Атайын ишембилик уюштурулуп, мектеп окуучуларын эмгекке тартуу менен Кочкор райондук администрация башчысы-аким Темирболот Абыкеев, орун басары Элмира Садыкова, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Тилек Турдубеков, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов катышышып, демилгечилер тарабынан даярдалган атайын аянтчага көчөттөр отургузулду. Мектеп директору Болот Бообек уулу келген мейманандарга жана уюштуруучуларга ыйык Рамазан айында көчөт отургузуу иш-чарасына катышып, активдүүлүгүн көрсөтүп бергендери үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Аким Темирболот Абыкеев иш үстүндө
Мектепте уюшулган этнопаркка дагы көчөттөр отургузулду
1992-жылкы туулган демилгечилер тобу
Бакыт Кожокматов