Быйыл Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында алма түшүмү жакшы болду. Көп болгонуна байланыштуу баасы арзан болууда. Дыйкандар бааынын көтөрүлбөгөнүнө нааразы. Алманы 8-22 сомдон сатышууда. Айыл тургундары алмаларын жергиликтүү алма алуучуларга өткөрүшөт. Айрымдары терилген алмаларды сатып алышса, кээ бирлери өздөрү терип кетишет.
Кулатов айылынын көк алмалары
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбек Кааров алма баасын төмөн болуп жаткандыктан дыйкандар сактап туруп кийинчерээк саткан жакшы экенин айтат. Ошондой эле бул маселени чечүү үчүн логистикалык борбор уюштурууну пландап жатышканын билдирди:
Батырбек Кааров
Сатып алынган алмалар
Т. Кулатов айылынын тургуну Роман Маматов 5-6 жылдан бери алмаларды алып сатуу иши менен алектенип келет.
“Бул жылдын түшүмү былтыркыга караганда көбүрөөк болду. Алманын баасы 8сомдон 22 сомго чейин жетти. Алманы алып туруп Бишкекке, Ошко жана Жалал-Абадка алып барабыз. Ал жакта алманын баасы түшүп кеткендиктен, алмалар арзан баада алынууда. Ага чейин алмалар муздаткычта сакталат. Быйылкы жылдын эсебинен 200тоннадан ашык алмалар алынууда. Андан сырткары жерге түшкөн алмаларды 2,5 сомдон алып, сок чыгарчу заводдорго сатып жатабыз» — деп билдирди.
Жерге түшкөн алмалар
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева, Мухаммадамин Токтосунов