2023-жылдын 3-ноябрында Базар-Коргон районунун тургундары У.Сыдыков атындагы сейил багында “Жашыл экономика – өнүгүүгө өбөлгө” аттуу жаңгак фестивалы менен бирге түшүм майрамы белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Садырбекович Маматаев, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы токой кызматынын директорунун орун басары Надырбек Өмүрзакович Козубаев, «Дестинация Жалал-Абад» коомдук фондунун өкүлү Абдимиталип Акматжанов, Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматынын директору Сыргабек Токтосунович Жайболотовдор, Компаньон Банкынын Жалал-Абаддагы филиалынын Агроному Токтоназар Шанкаевдер катышып сөз сүйлөштү.
«Жашыл экономика – өнүгүүгө өбөлгө» аттуу жаңгак фестивалы менен биргеликте түшүм майрамына Кызыл-Үңкүр, Ачы, Арстанбап-Ата, Каба токой чарбалары, Дашман мамлекеттик жарытылыш коругу, өз алдынча башкаруунун органдары, банктар, токой продукциясынын өндүрүүчүлөрү, кол өнөрчүлөр, жаштар, №63 жана №52 кесиптик лицейлер, мектеп окуучулары катышты.
Бул фестивалдын өзгөчөлүгү билим берүү мекемелеринин активдүү катышуусу болду. №63-кесиптик лицейинин окуучулары салат даярдоо боюнча мастер-класс өткөрүшүп, кулинардык өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мындан тышкары, Арстанбап айылынан келген Фатима Раимжан кызы фестивалдын катышуучуларына салттуу улуттук тамак-ашты тартуулап, “Калменде” боюнча мастер-класс өткөрдү.
Фестивалдын жүрүшүндө райондун администрациясы менен Компаньон Банкынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча маанилүү макулдашууга жетишилди, бул аймактагы айыл чарбасын жана экологияны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ишенебиз.
Фестивалга ошондой эле «Багери» жана «Бар Бол», Бешик-Жон жана Сейдикум айылдык консультациялык кеңешинин координаторлору катышып, айыл чарба продукцияларын тартуулашты.
Жеке ишкерлер эт азыктарын алып келип, арзандатылган баада базар баасынан 10% төмөн сатылып, райондун жашоочуларына арзан баада сапаттуу азык-түлүктөрдөн алууга шарт түзүштү.
Жаңгак фестивалынын негизги максаты жергиликтүү калктын токойлордун мааниси жана аларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле айыл жергесинде альтернативдүү киреше булактарын табуу болгон. Бул майрам экология, айыл чарба жана кол өнөрчүлүк жаатында билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп калды.
Бийликтин, бизнестин жана коомдук уюмдардын кызматташуусу аймактын потенциалын көрүүгө жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди. «Жашыл экономика – өнүгүүгө көмөктөшүү» фестивалы биргелешкен күч-аракеттер жаратылышты коргоого, айылды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга кандайча салым кошо аларын жаркыраган мисал болуп калды.
Фестивалда калкты экологиялык жана биологиялык түрлөргө карата аяр мамилесин калыптандыруу, биоартүрдүүлүктүн баалуулугу жөнүндө, биоартүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча маалыматтарды таратуу максатында жаштар жана окуучулар арасында айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону калыптандырууга багытталган жаратылыш жана тарыхий жайлар жөнүндө сүрөт тартуу жана утилитардык кол өнөрчүлүк боюнча кароо-сынагы уюштурулду.
Базар-Коргон районунда жаңгак фестивалы облустун жаратылыш мурастарын сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү бийликтин, мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин жана жаштардын аракетин бириктирген кызматташуусу. Ошондой эле жергиликтүү ишкерлерге өз продукцияларын илгерилетүүгө жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн кызматташууну талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Фестивалда активдүү катышкандыгы жана кошкон салымы үчүн ардак грамоталар менен сыйланышты