Тогуз-Торо районундагы А.Сыдыков атындагы маданият бөлүмүндө 50 жылдан ашык түтүн булаткан жуптар арасында Бактылуу үй-бүлө коомдун тиреги» аталышындагы адабий кече болуп өттү. Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Сынактын катышуучулары
Иш-чара “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгына ылайык руханий баалуулуктарды, каада-салт, нарк-насилди тута билүү, келечек муундарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду, маданий баалуулуктарды аздектөө максатында уюштурулган.
Катышуучулар улуттук каада-салттарды, жөрөлгөлөрдү жаштар арасында жайылтуу максатында бешикке бөлөө, бата берүү, наристеге ат коюу жана аластоону көрсөтүп беришти.
Соңунда ар бир катышуучуга ыраазычылык баракчалары жана айыл өкмөттөрдүн сыйлуу белектери тапшырылды.
Эвелина Жумабекова