Ачылуу аземине Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, акимдин биринчи орун басары Тагайбек уулу Дамир, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты
Алгач Кара-Суу айылындагы “Түндүк-Түштүк” жолунун жээгинде жайгашкан коомдук эс алуучу жайдын тепкичи толук бүткөрүлдү.
Кара-Суу айылындагы №7 Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектептин спорт залы пайдаланууга берилди. Спорт залдын курулушу 2015- жылы башталып, республикалык бюджеттин каржылоосу менен бүткөрүлдү.
Райондун Сары-Булуң, Булуң жана Табылгыты айылдарында суу куурлары тартылып, калктын 80% таза суу менен камсыз болушту. Таза сууну чыгарууга Казарман коомдук фонду тарабынан 1 959 576 сом жана “Ас-салам” кайрымдуулук фонду тарабынан 2 720 000 каржыланып, жалпы 11 км суу чыгарылган.
Район акими Манас Мураталиев Сары-Булуң айыл аймагына акыркы 2 жыл ичинде суу жетпеген айылдарда айыл өкмөт жана жашоочулар менен биргеликте суу тартып чыгаруусу бул чоң жетишкендик. Суу адамзат жашоосунда негизги ролду ойнойт. Таза суу бул инфраструктуранын бир бөлүгү, экендигин белгилеп суу чыгарууда салым кошкон ар бир жаранга ыраазычылыгын билдирди.
Табылгыты айылында кароосуз калган 40 сотых жер эс алуу багына айланды. “Буга чейин айыл тургундары тарабынан кайрылуулар түшкөн. Чындыгында айылдагы 40 сотых жер көптөн бери кароосуз калып, таштандылар ташталып кеткен болчу. Айыл эли кайрылып анын негизинде долбоор даярдадык. Эс алуу багынын айланасы тосулуп, адамдар олтуруучу олтургучтар, жарыктандыруу коюлуп, таш тамандар басылган. Ал эми каржылоо жагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 900 миң сом бөлүнгөн”, – деди айыл аймактын башчысы Марлис Олжотоев.
Арабдардын “Ассанабил” Коомдук Кайрымдуулук Фонду тарабынан Табылгыты айылына жалпы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) салынып ишке берилди. Табылгыты ФАПына Ибраимов Сапар Ибраимовичтин аты коюлду. ФАПтын жалпы сметалык баасы 4 000 000сом.
Кыдыруунун соңунда Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык экономикалык өсүүсүнө салым кошкон бир катар кызматкерлер сыйланды жана “Ардактуу атуул” наамы берилип иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Эвелина Жумабекова