Токтогул районунун Терек-Суу айылында №5 Кызгалдак балдар бакчасында “Улуу элдин санжырасы Манаста” аттуу темада иш чара өтүлдү. Улуу манасчы Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына карата “Жаш манасчылар” манас айтып, кыргыздын улуулугун даңазалашты.
№5 Кызгалдак балдар бакчасынын жетекчиси Динара Тургунбаева: «Ата-энелер менен бала бакча тыгыз байланышта болмоюнча, мындай алгылыктуу иштер жүрбөйт. Бала бакчадан тарбиячы тарбия берип, ушундай иш чараларды жүргүзсө ата-эне үйдөн балдарын даярдап жардамдашат. Биз бир жылдан бери “Манас” интеллектуалдык теле таймашына катышып, Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу “Актилек” балдар бакчасынын “Семетей” командасы менен биздин №5 “Кызгалдак» балдар бакчабыздын “Биримдик” командасы менен таймашып, бизге 1-орун ыйгарылган. Ар бир иштин кыйынчылыгы, ийгиликтери, жетишкендиктери бар. Мында балдарга көбүрөөк көңүл буруу, камкордук, мээримдүүлүк, алар менен кошо бала болуп үйрөтүү, көп кыйынчылыктарды талап кылат. Бирок ушундай кажыбас иштерибиздин аркасы менен жетишкендиктерге жетишүүдөбүз», — деп билдирди.
Ата-энелер комитети Кыял Стамалиева: «Менин балам 5 жашынан тарта Манас айтып, эжекелеринин мээнети менен көп Манастарды жаттап, айтып жүрөт. Бул иш чара мага абдан жагып жатат. “Кызгалдак” балдар бакчасынын уюштуруу тобу жакшы деңгээлде даярдап, чоң мээнет менен даярдашыптыр. Кудай кааласа “Кыргыз элинин уучу кур эмес” буйруса биздин айылдан дагы Жаңыбайдай манасчылар чыгат», — деген оюн билдирди
Жаш манасчы Канжар Каланбаев: «Мага манас айткан абдан жагат. Манас айтууну эжекелерим үйрөткөн. Келечекте Жаңыбай атамдай улуу манасчы болгум келет”.
Асема Таалайбекова, Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова