Казакстандын Тараз шаарында «Жабаглы — Манас тоо клубу» менен бирдикте «Борбордук Азиядагы сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар» деген темада семинар болду.
Семинардын катышуучулары
Семинарга Талас Мамлекеттик университетинин табият таануу факультетинин педагогдору, Талас шаарынын К. Дарданов атындагы №3, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектептеринин, Талас районундагы К. Нурбеков жана Т. Кушчубаева атындагы орто мектептердин, Айтматов районундагы Манас орто мектебинин жана Т. Айтматов атындагы орто мектептеринин биолог мугалимдери катышып келди.
Семинарды «Жабаглы — Манас тоо» клубунун тренерлери Рауф Сабитов менен Елена Ефимова өттү. Семинарда Борбордук Азиядагы жоголуп бара жаткан, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар, алардын жашоо тиричилиги жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.
Иш чаранын катышуучуларына «Жандуу курал» аттуу окуу китеп тартууланды. Бул китепте сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлардын сүрөттөрү менен бирге биологиясы жазылган экен.
Жалпысынан Талас өрөөнү менен Тараз аймагындагы көпчүлүк флора, фаунага окшош болушаары жөнүндө баяндамалар болду. Биоартүрдүүлүктү сактоо ар бир жарандын милдети экендиги баса белгиленди.
Айгүл Сакеева