«Татыктуу Жашоо” долбоорунун алкагында Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу жана үй-бүлөнүн экономикасын чыңдоо үчүн финансылык сабаттуулук боюнча үй-бүлөлөр үчүн тренингдер өттү.
Семинар учуру
“Татыктуу жашоо” долбоору Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан колдоого алынып, International Alert, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду, «ДИА» коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.
Долбоор 30 максаттуу үй-бүлөнү колдоо максатында иштелип чыккан. Долбоордун алкагында Ивановкада 15 жана Ошто 15 үй-бүлө, бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн чакан гранттарды ала алышат. Грант берүү аркылуу алардын социалдык-экономикалык катышуусуна көмөк көрсөтүү аркылуу аялзаты жана жаш-өспүрүм кыздарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максаты көздөлүүдө.
Бул басылма эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.
Бул басылма эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.
Айгерим Кубатбекова