Өлкө башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен Талас шаарынын көчөлөрүнө асфальт басуунун алгачкы жумуштары башталды. Бул туурасында Талас шаардык мэриясынан билдиришти. Шаар башчысы Эрмат Джумаев Талас шаардык таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эркин Мамбетович менен биргеликте шаар аймагындагы асфальт басуу иштеринин алгачкы этабы менен жеринен таанышты.
Көчөлөр менен таанышуу учурунда таза суу, саркынды суу түтүктөрүн жаткыруу иштерине байланышкан айрым көйгөйлүү көчөлөрдү жеринен көрүштү. Жолугушууда аталган көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып, сунуш – пикирлер айтылды. Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев асфальт басуудан мурун Таза суу муиципалдык ишканасынын бул жаатта аткара турган жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп, иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө, мүчүлүштүктөрдү тезирээк жөнгө салуу тапшырмасын берди.