Талас шаарында бак-дарактарды зыянкечтерге каршы дарылоо иштери башталды. Ушуга байланыштуу бак-дарактуу жерлерге элдин киришине тыюу салынды. жылдагыдан айырмаланып бул жылы курт-кумурскалар бак-дарактарды жыш каптап, коркунуч келтирүүдө деп эксперттер коңгуроо кагып келишет.
Дары чачуу учуру
Талас шаардык жашыл-чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси Марс Айылчиевдин айтымында азыркы учурда гүлдөрдү, бак-дарактарды, чөптөрдү курт-кумурскалар абдан жыш каптап жатат. Курт-кумурсканын өзгөчө түрү ак курттар розаларды жеп, зыян келтирүүдө. «Биз бул нерсени алдын алуу үчүн аларга каршы дарыларды чача баштайбыз. Быйыл гүлдөргө каршы эң биринчи тайфунду чачып көрдүк, себеби башка дарыларга караганда кыйла арзан. Бирок таасир бербегенин байкадык, ошондуктан экинчи ирет чачканда жыйынтык болду. Ага карабастан дары себилгенден кийин, бир топ убакыттан кийин кайрадан курт-кумурскалар пайда болгонун байкап жаттык. Азыр бак-дарактарда зыянкечтердин бир нече түрү пайда болду. Анын негизги себептери бул абанын блганышы, суунун жетишсиздиги, асфальтталган чөйрө. Курт-кумурскаларга каршы ахилес, геркулес деген дарылардын түрлөрүн чачып жатабыз», деп билдирди Марс Айылчиев.
Белгилей кетсек, аталган жумуштар бак-дарактардын жалбырагын жана кабыгын жабыркатуучу курт-коңуздарга каршы жүрүп жатат.