25 жаштагы Белек Осмонкулов учурда Талас шаарында тиш доктур болуп эмгектенүүдө. Ал Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрөлгөн. Азиялык медицина институтун 2017-2022 жылдар аралыгында окуп аяктаган. Белектин айтымында, ал мектеп учурунда биология, химия сабактарын кызыгып окуган. Келечекте медицина тармагынын бир бөлүгүн тандайм деген ою дагы болгон. 10-классында тиш доктур болууга белсенип, даярдык көрө баштаган. Апасы, бир туугандары колдоп, ар тараптуу жардам берип турушкан.
«Жумуш учурунда ар бир кишиге жардам берип, ыраазычылыгын билдирген сайын ырахат алам. Кесип тандоо өтө татаал деп ойлойм. Капыстан эле эле мен бул кесиптин ээси болом деп, окуй берген болбойт. Адам эң биринчи өзү кызыккан нерсесин таап, келечекте иштеп кете алаарына көзү жете алганда гана окушу керек деп эсептейм», — дейт Белек. Азыркы учурда жөн гана диплом үчүн окуган жаштар дагы толтура деген ою менен дагы Белек бөлүшөт.
Иш учурундагы кызыктуу окуяларыңыз?
— Бир жолу бир бейтапка брекет коюп берип, брекеттин резинкасынын түстөрү болот, ошолорду тандатсам кара түсүн тандап, тактырып кеткен. Бир сааттан кийин кайра келип, башка түстөгү резинка тагып берчи, досторумдун баары “насвай” салып алгансыңбы? — дешип шылдыңдап жатышат дегенде аябай көпкө чейин күлүп жүргөм.
Келечектеги пландарыңыз кандай?
— Азыркы учурда бойдокмун. Өзүмө татыктуу жакшы адамды жолуктуруп, бактылуу үй-бүлө куруу жана өз кесибимдин мыкты адиси болуу. Илимге-билимге аябай кызыгам. Өзүмдү бардык тараптан өстүргүм келет.