30 жаштагы Талгат кызы Жылдыз 6 жылдан бери “Жардам Талас” демилгелүү фондду жетектеп, кайрымдуулук иштерди жасап келет. “Жардам Талас” фонддун жаш ыктыярчыларын, үйдө отурган үй кожейкелерин жумуш менен камсыздап турат. Фондго келип түшкөн буйрутмалардын негизинде айымдарды үй актаганга, үй жыйнаганга, конок тосконго, бирин кир жууганга жөнөтөт.
Буйрутма аркылуу иштеген айымдар Жылдыздын айтымында күнүнө 1000-1500 сом киреше таап келишет. Жумуш таап бергени үчүн иштеген акчасынан Жылдызга 50 сом которуп турушат. «Үйдөн ар кандай кызыктуу китептерди сатам, убактылуу окууга берип турам. Андан дагы мага кичине болсо да акча түшүп турат. Инстаграм баракчамдан жарнама киргизип, башкаларга жеңилдик кылып жатып өзүмдүн ырыскымды таап жатам. Ниетиң түз болсо, аз да болсо акчаң берекелүү болот экен. Бул иштеримдин аркасы менен Умрага барып келдим, үйүмө оңдоо (ремонт) иштерин жасаттым. Машина алдым. 2 баламды эч нерседен кем кылбай багып жатам», — деген маалыматы менен Жылдыз бөлүштү.
Талгат кызы Жылдыз
Жылдыз учурда декреттик өргүүдө, ошентсе да үйдө отуруп калбай, ар тараптуу изденүүдө. Бирок, мугалимдик кесибин таштабасын дагы айтат. Келечекте айымдар үчүн пайдалуу, керектүү окутууларды өтөм деген пландары бар. Үйдө отурган айымдарга үйдө отуруп дагы акча тапса болоорун, азыр көп мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтып келет. «Убакытты текке кетирбей, күнүмдүк план жазышыбыз керек. Мен план жазбасам мээм чарчап кетет. Күндө эртең менен турганда план жазып аны аткарганга аракет кылам. Ошондо бардык иштерге жетишкенге мүмкүнчүлүк түзүлөт», -дейт Жылдыз.