Таластын тургуну 36 жаштагы Фарида Суранчиева бала кезден ырчылыкка кызыккан. Учурда 5 баланын сүйүктүү энеси. Бакай-Ата районуна караштуу Акдар айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенет. Мугалимдик кесиптен тышкары ырчылык өнөр менен дагы алектенет.
«Мен кичине кезимден бери эле ырдайм. Менин өзүмдүн апам ырдачу, ошондон улам мындай өнөр менде дагы бар. Ата-энем кичинемде туугандардын жакшылыктарында дайыма алып жүргөндүктөн, ошол учурларда эле ырдап жүрдүм. Мага ырдаган абдан жагат. Мени ата-энем аябай колдоду. Андан сырткары үй-бүлөм, жолдошум колдоп турат. Ошондуктан азыркы убакка чейин ырдайм», -дейт Фарида.
«Эки кесипти аркалоо мага такыр оор болгон жок . Тескерисинче мени колдоп турушту. Жолдошум, үй — бүлөм ар дайым мага күч кубат берип колдоп турушту. Колдоо болсо адамдын андан ары өнүгүшүнө дагы чоң салымын кошоору анык. Учурда келин деген үйдө эле олтуруш керек, баланы гана караш керек деген нерселерди көп угам. Бирок мен бул нерсеге такыр кошулбайм. Анкени мен «Эл эмне дейт деп жашабайм» эл деген айта берет. Мен бирөө үчүн эмес өзүм үчүн жашаган аялмын», — деген ою менен бөлүштү Фарида.
Фариданын айтымында таланты бар бирок аны сыртка чыгара албаган көп айымдар бар. Алар элден тартынып, элдин сөзүнөн корккон айымдар. Мындай айымдарга Фарида тартынбай, кудай берген талантты жашырбай аны алып чыгуу керек дейт.