2-3-сентябрь күндөрү «Дестинация Талас» коомдук бирикмесинин демилгеси менен Талас облусунун Айтматов районундагы Чымгент жана Шелжи шаар чалдыбарларында археологиялык казуу иштери башталды.

Археологиялык изилдөөнү Кыргыз Улуттук илимдер академиясы, Эрмитаж музейинин кызматкерлери жана Башкортстан республикасынын санарип археологиялык тобу келип жүргүзүүдө


Жалпы 10 күн аралыгында изилдөөчүлөр, аталган 2 объектини учуучу аппараттардын жардамы жана казуу иштери аркылуу чалдыбардын өнүгүү тарыхын изилдешет.

Эскерте кетсек, мындай изилдөөлөр Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы ирээт болуп жатат.