Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жусуп Турусбеков атындагы орто мектебинин биология мугалими Гулнара Пусурова «Жандай көргөн кесибим» мектептен сырткаркы уюмдар арасында мелдешке катышып, 1 орундун ээси болду.
Облустун бардык райондорунан 12 мугалим ат салышты. Гульнара Пусурова Жусуп Турусбеков атындагы №33 жалпы билим берүүчү орто мектебинин жана Жалал-Абад облустук экология, аймак таануу жана техникалык чыгармачылык балдар борборунун атынан катышкан.
Баш байгени Таш-Көмүр шаарынан катышкан мугалим алып, Гульнара Пусурова 1 орунду ээлеген.
Сынакта өзүн-өзү тааныштыруу, мугалимдин жана окуучунун жетишкендиги, ачык сабак, усулдук кейс, суроо-жооптор орун алган.