Кийиз, шырдак кыргыздын материалдык улуттук баалуулуктарынын бири. Дал ушул баалуулуктарды муундан муунга үйрөтүп, атүгүл бүткүл дүйнө жүзүнө таанытып жаткан Жаңыл Баишева 29 жылдан бери бул ишти аркалап келет. Жаңыл Баишева чет өлкөлүк жарандардан атайын буйрутмаларды алып, шырдак даярдайт. Азыр анын “Алтын оймок” ишканасында 30га жакын кыз-келиндер иштейт. Жаңыл Баишева өзүнүн эмгектеринин сапатын тастыктай турган эл аралык Кол өнөрчүлүктүн отличниги үчүн Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин сыйлыгы (World Craft Council Award of Excellence for Handicrafts) сертификатын алган. Ал бул документти алуу үчүн сегиз жылдан ашуун аракет кылган.
2006-жылдан тартып Жаңыл Баишева эл аралык долбоорлордо иш алып бара баштаган. Алгачкы долбоорунун алкагында ал Америкага барып, өзүнүн эмгектеринин көргөзмөсүн уюштурган. 2008-жылы Жаңыл Баишевага Канададан чакыруу түшкөн. Ал жерде чоң көргөзмөгө дагы катышканын айтат:
“Бир кездерде бизге чет өлкөдөн ыктыярчы келген. Ал биздин уюмду көрүп, ишибизди көрүп, бизге дайыма келип жүргөн, буйрутмаларды берип, көп жыл бирге иштештик. Кийин өз мекенине баргандан кийин мага чалып, Канадага чакырды. Ал жактагы кыргыз колориттеги буюмдарды саткан дүкөндөрдү көргөздү. Ошол тапта ал жакта дагы чоң көргөзмө өтүп жаткан экен. Ал жактан көп ишкерлер менен тааныштырды. Ошентип, ишибиз чет өлкөдө улана баштады”.
“Анна менен көп жылдан бери иштешип келебиз. Ал жайкы эс алууга Кыргызстанга келгенде биздин мейманканада болгон эле. Ошол жерден таанышып, бул ишти жайылтууну сунуштаган. Ал убак-убагы менен 10-15 ашуун шырдактарга буйрутма берет. Буйрутма алып жатканда вотсап аркылуу байланышып, ийне жибине чейин талкуулап алабыз. Шырдактар даяр болгондо келишимдин негизинде атайын жүк ташуучу унаалар менен биз Бишкеке жеткирип беребиз. Андан аркысын Анна өзү тейлейт. Ушул сыяктуу эле франциялык ишкер менен дагы иштешебиз. Ал дагы биздин мейманканага келип, шырдактарга кызыгуусу арткан эле.”
Жаңыл Баишеванын айтымында чет өлкөлүк кардарлар менен иштөөдө ар бир буюмдун сапаты, өзгөчөлүгү маанилүү. Себеби, шырдактар, сувенирлер, ж.б. чет өлкөдө көп буюмдардын арасынан байкалып, көрүнүп турушу керек.
“Мен буйрутма алганда кардар каалаган өңдү чыгарам. Аны чыгаруу аябай оор. Жасап жаткан шырдактын сапатына өзгөчө карайбыз. Мисалы, ал шырдактын үстүнө отурса боегу жугуп калбашы керек, ал бат эле жукарып аралары ачылып калбашы керек, өңү өчүп кетпеши керек. Кыскасы, сатып алып жаткан кардардын, анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна зыяны тийшеби керек. Мен кийизди боеп, бышырып берем, андан соң башка жумушчулар аны атайын станоктордун жардамында бычып чыгышат. Андан кийин аны жөрмөгөндөр өткөрүп алат. Алар өз ишин бүткөн соң, шырыкчыларга өтөт. Ошентип конвейер сыяктуу ар бир жумушчу өзүнө тиешелүү гана ишти жасап берет.”
“2016-2017-жылдары, эки жыл удаасы менен мен Санта-Фе фестивалына бардым. Бул көргөзмө дүйнө жүзү боюнча эң чоң, эң кыйын көргөзмө. Бул жакка дүйнө жүзү боюнча эң мыкты деген кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, ишкерлер катыша алышат. Чет өлкөдө бизге аябай жакшы мамиле жасашат. Биздин ишибизди сурашып, кыргыз кийимдерин кийип барганда биз менен сүрөттөргө түшүшүп, шырдактардын жасалышын сурап, аябай кызыгышат».
Мындай көп ийгиликтерди багындырган Жаңыл жаш муунга кесипкөйлүктү, чыдамкайлыкты, талыкпаган эмгектин артынан гана чоң ийгиликке жетээрин айтат.
“Эң биринчи өзү жасаган жумушту сүйүшү керек. Бизде да аябай көп кыйынчылыктар болгон. Ошондой кыйынчылыктарга чыдап, жеңүү керек. Ар бир адам ийгиликтерди багындырам десе эмгекчил болуп, талыкпай билим алышы керек жана ар бир иш чыдамкайлыкты, өзүнө болгон ишенимди, алдыга максатты туура коюуну талап кылат”.
Жаңыл Баишева жолдошу Бердибек Барыктабасов менен бир кыз, үч уулдуy ата-энеси. Азыркы тапта кызы жана эки уулу чет өлкөдө билим алышат. Жаңыл эженин ишин бардык үй-бүлө мүчөлөрү аябай колдоп келишет. Жолдошу сүрөтчү болгондуктан, шырдактарга оймо-чиймелерин тартып берет, ал эми келин-уулу үйүндөгү кичи мейманканасын жана ишканасын иштетип, туристтерди кабыл алышат.
Акылай Алмазбекова