Ар бир келин келген жеринин тукум улоочусу. Үй-бүлөгө жаңы келин келгенде ага көнүүгө убакыт берип. Жаңы үй-бүлөнүн шарттары менен тааныштырып жардамдашуу зарыл. Үй-бүлөдө бакубаттуулук орун алыш үчүн бири-бирин колдоо, түшүнүү маанилүү.
Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылынын тургуну Айнура Иманакунова эки уул, бир кыздын энеси. Ал 38 жашында өмүрлүк жубайынан ажырап калган. Балдарын эч нерседен кем кылбай чоӊойтуп, баарын жогорку билимдүү кылып өстүргөн. Айнуранын айтымында жашоодо өйдө ылдый көп болот бирок, ошого чыдап жашаса адам бактылуулукка жетет деген оюн ортого салды.
«Мен 20 жашымда Барскоон айылына келин болуп келгем. Кайненемден эч жамандык көргөн жокмун. Тескерисинче билбеген нерселеримди үйрөтүп берди. Азыркы учурда менин эки келиним бар. Экөө теӊ өз айылыбыздын кыздары, келиндерим жаш келишти. Жаш келгенине карабастан өз иштерине абдан тың, тыкан. Билбеген нерселерин үйрөтүп, көрсөтүп берем. Келиндерим убактысы келгенде үйдө отуруп калышпасын деп окутуп алгам. Азыркы учурда экинчи кесиптин ээси болсун деп кайра экөөнү теӊ окууга тапшыртып окутуп жатам».
Кайнене менен келиндин ортосундагы пикир келишпестик маселеси жаңы кѳрүнүш эмес. Илгертен эле келин кайненеге болгон, ал эми кайнене келинге болгон нааразычылыктарын билдирип келишет. Ал эми кимиси туура экенин аныктоо абдан оор. Анткен менен бир үйдѳ түтүн булатып жаткан соң ар биринин милдеттери жана ѳзүнѳ тиешелүү жоопкерчиликтери бар эмеспи. Үй-бүлѳдѳ тынчтык жана сүйүү орношу үчүн ар бир үй-бүлө мүчөсү милдеттерин, ордун билүүсү абзел экенин Айнура Иманакунова кошумчалады.
«Менин оюмча келинди канчалык сыйласаӊ андан ошончолук сый көрүп келесиӊ. Уулуӊ жактырып ага үйлөнгөндөн кийин ал дагы сенин үй-бүлө мүчөӊ болуп саналат. Келиндериме окшоп эле менин кызым дагы башка бир үйдүн бүлөсү. Кызымды эле ал үй-бүлө жемелеп отурса мага оор болот. Ар бир кайнене келинге жасап жаткан мамиледе өз кыздарын ойлошу керек деп эсептейм. Мен келиндериме абдан ыраазымын. Анткени баардык нерсени ортого салып кеӊешип турушат».
Ар бир бүлөнүн өзүнүн ички тартиби да болот. Мисалы, бардар үй-бүлөдөн келген кыз болсо аны дароо сарамжал эмес дегендин ордуна, “бизде муну мындай үнөмдөш керек” деп түшүндүрүү зарыл. “Майрамда мындай болуш керек, тартыш учурда мындай болуш керек” деп, идиш-аяктын кайда турушун, кирдин кандай жуулушун, алардын үйүндө конок кандай тосулаарын да келинге үйрөтүш керек.
Келин барган үйдүн оокатын өзүнүкү деп билиш керек. Кайненем үчүн жасап жатам дебеш керек. Ал ошол жерди ээлеп калат, кайра ошого аракет кылыш керек. Өзү да келин күтөт, кайненесин кастарласа, аны да келечекте келини, уулу сыйлайт. Айнура Иманакунованын келини Нуриза Жумабек кызы ар дайым кайненесин сыйлап, өз апасындай урматтап келет. Анткени кичинесинен кошуна жашап кайненесинин үй-бүлөсүнө, кошуналарына жана тууган-уругуна кылган мамилесин көрүп урматтап келгенин билдирди.
«Мен апамды кичине кезимден бери жакшы көрөм. Анткени апам менен биз жакын жашачубуз. Апам улуу-кичүү дебей баардыгына бирдей мамиле жасайт. Мыкты кайнене десем дагы жаӊылышпайм. Эгерде бир нерсени туура эмес жасап алсам урушкандын оордуна акырын басып келип, эч нерсе эмес кийинкисинде үйрөнүп кетесиӊ деп кайра көрсөтүп берет. Мындан тышкары келечекте бир кесиптин ээси болуп иштешиӊер керек. Бала басты болуп эле үйдө отура бересиӊерби. Ошондуктан жаш кезиӊерде окуп алгыла деп абысыным экөөбүздү окутуп жатат. Азыр Касым Тыныстанов атындагы колледждин эсеп-кысап бөлүмүн окуп бүрүп дипломумду колго алдым. Эми кайра ошол эле эсеп-кысаптын жогорку окуу бөлүмүн окуп жатам».
Келин башка тарбиядагы, башка көз караштагы үй-бүлөгө келгенде психологиялык жактан алда канча оор болот. Ал мейли чоң окуу жайын бүтсүн, мейли онунчу классты бүтүп барсын, бирөөнүн үйүнө сиңип, аны кабыл алыш кыйын. Ал үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн сырын, кулк мүнөзүн билиш керек. Аны билиш үчүн кеминде эки-үч жыл кетет. Баласы жактырып алып жатса, келинди өзүнүн кызындай эле кабыл алыш керек. Барскоон айылынын тургуну Эсенгелди Асанкадыров, Нуризанын өмүрлүк жолдошу. «Келин дагы бирөөнүн алпештеген кызы. Аны келин экен деп эле баарына милдеттендирген туура эмес», — дейт.
«Менин үйлөнгөнүмө 2 жыл болду. Келинчегим экөөбүздүн ортобузда бир балабыз бар. Мен үй-бүлөм менен абдан бактылуумун деп толук айта алам. Себеби, апам келиндерин келиндей эмес, өз кызындай кабыл алып, мамиле кылып келет. Келиндерим үйдө отуруп калбасын деп ар кайсы кесиптин ээси кылып окутуп да жатат. Келиндери бошобой калган учурда качан жасашат деп күтүп отура бербей өзү тура калып ишти жасай салат. Майрамдарда келиндерине биринчи оорунда белек-бечкектерин алып келип берип сыйлап турат. Убак-убагы менен ар кайсы жерлерге үй-бүлөбүз менен эс алууларга чыгып турабыз».
Келин жаңы үй-бүлөгө келип, ошол үй-бүлөдөгү адамдарды жакындан тааныганга убакыт керек. Бул учурда ага бардыгы жардам берип колдоо көрсөтүүлөрү маанилүү.
Гүлкайыр Осмоналиева