Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралар гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча ар түрдүү ураандар алдында уюштурулуп, «Таланттар сынагы» өттү. Сынактын шарты боюнча алгач тандоо турлары өткөн. Ал эми жыйынтыктоо туру К. Султангазиев атындагы маданият үйүндө өттү.
«Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун атайын өкүлү Табылды Байбагышовдун айтымында иш чаранын максаты — үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштар арасында позитивдүү коммуникациялык баарлашууну өнүктүрүү, адам укуктарын урматтоо, зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча күч-аракеттерин активдештирүү болуп саналат.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоору тарабынан белектер тапшырылды.
Барчын Мамытбекова