9-декабрь «Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө» карата Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан райондогу мектептер арасында «Биз коррупцияга каршыбыз» аттуу иш чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында «Мыкты видеоролик» жана «Мыкты плакат» номинациясы боюнча сынак жарыяланып, мыкты тартылган сүрөттөрдүн жана видеороликтин ээлерине баалуу белектер берилди.
Окуучуларга сыйлык тапшыруу учуру
Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мырзабек Жусупов
Сынакка катышуу жана эрежелери, жыйынтыктары тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мырзабек Жусупов маалымат берди. «2 ай мурун Кыргыз Республикасынын генералдык прокуратурасы тарабынан «Биз коррупцияга каршыбыз» аталышында сүрөттөрдүн, видеороликтердин сынагы жарыяланган. Сынак тууралуу мектептин жетекчилерине маалымат бергенбиз. Сынакка 100дөн ашык сүрөттөр, 50гө чукул видеоролик келип түштү. Биз техникалык жактан сапаттуу, жана мааниси терең эмгектерди генералдык прокуратурага электрондук вариантта жөнөттүк. Сынак республикалык деңгээлде уюштурулган, ал эми Ноокат районунан 5 окуучунун эмгектери эң мыкты деп бааланып, алар сыйлыктар менен сыйланышты. Алар Н. Крупская, Т. Айбашев жана Үч-Бай атындагы орто мектебинин окуучулары», — деп билдирди Мырзабек Жусупов.
Сыйлык алган окуучулар менен прокуратура кызматкерлери
Ноокат райондук прокурорунун жардамчысы Орозбек Дыйканбаев
Ноокат райондук прокурорунун жардамчысы Орозбек Дыйканбаев, сынакка эң жогорку деңгээлде жана өтө маанилүү сүрөттөр менен видеороликтер келип түшкөн. Уюштуруучулар окуучулардын чыгармачылыгына жана тапкычтыгына мыкты баа беришкендигин белгиледи.
Жумагүл Көчкөнбаева