Ноокаттагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында акыл таймашы уюштурулду. катышты. Таймашты мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Гүльмира Жолдошева жана Мадалиева Мактым уюштурду.
Таймашты уюштурууда 3 негизги максат коюлган.
1.Ч. Айтматовдун өмүр жолун ,чыгармачылыгына дагы бир ирет токтолуп, терең окуп үйрөнүү менен жаңы табылгаларга ээ болуу;
2.Чыгармалардагы каармандар аркылуу окуучулардын жан дүйнөсүн байытуу, билим алуу, китеп окуу жана кино тасмалар аркылуу билимдерин бышыктоо;
3.Тапкычтыкка, бири-бирин уга билүү, сыйлай билүүгө калыптандыруу.
Акыл таймашта 1-орунду 11-класстын окуучулары камсыз кылса, 2-орунду 9-б классынын окуучулары ал эми 3-орунду 7-классынын окуучулары камсыз кылды.
Жумагүл Көчкөнбаева