12-декабрь Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата адабий кече болуп өттү. кечеге5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. Иш чараны кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Махабат Асанова жана Кожоева Асылкан эжеке уюштурду.
Кеченин уюштуруучусу, мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асылкан Кожоеванын маалыматы боюнча, иш- чаранын негизги максаты Ч. Айтматовду даңазалоо, чыгармаларынан үлгү алуу жана окуучуларды китеп окууга чакыруу. 11-класстын окуучулары Ч. Айтматовдун ар бир чыгармасынан үзүндүлөрдү аткарып беришти. Андан сырткары 5-класстан 10-класска чейинки окуучулары көркөм окуп, монологдорду айтып жана обондуу ырларды аткарып беришти.
Жумагүл Көчкөнбаева