Бактыгүл Омуралиева биринчилерден болуп Москвада “Мурас-этно” театрын негиздеген. Жаш кезинен журналист болууну каалаган Бактыгүлдүн чыгармачылыкка болгон сүйүүсү негизги жумушунан тышкары бөтөн жерде иштеп жүргөн таланттуу мекендештеринин башын бириктирип, элге кызмат кылып келүүдө.
“Москвага келгениме 17 жыл болду. Башында көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Ошол татаал турмушта дагы өз ишин баштап кеткен айымдарыбыз бар. Сулуулук салонун, ресторан ачкан жеке ишкерлерибиз бар. Биз келген 2008-жылдары Москвада иш табуу абдан оор болчу. Азыр мигранттар үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. Азыр келгендер биздей кыйналган жок. 2011-жылдан баштап мигранттар көбөйүп элчилик менен, Кыргыз диаспорасы менен иштеше баштаганда, өзүбүздүн улуттук этно иш-чараларга чыгармачыл адамдар керек болду. Мен ошол учурда “Мурас-этно» театрын ачайын деп, мигранттардын арасынан таланттууларды тандап ала баштадым. Кыргыз элимде өтө таланттуу адамдар көп. Бөтөн элде жүргөндө өзүбүздүн каада-салтыбызды башка элдерге таанытыш үчүн Кыргыз диаспорасы менен иштешип калдык. Фестивалдарга катышуу үчүн бизге группа керек болду. Ошентип театрдын ачылышын элибиз колдоп, кубануу менен кабыл алышты. Театрыбыз 5 жылдан бери иштеп келе жатат. Жаңы ачылганда 25 аткаруучу бар эле. Шартка байланыштуу азыр 14 аткаруучу калды. Бизде дастанчылар, бийчилер, актерлор, актрисалар, ырчылар, аккордеон менен ырдаган ырчылар, манасчылар, комузчулар бар».
“Мурас-этно» театрынын ырчылары улуттар аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды алып келишет. Буйрутма менен да иштейбиз. Москва шаарында улуттук каада-салт менен кыз узатуу, тушоо той, үйлөнүү тойлорду өткөрүү үчүн чакырышат. Бири-бирибизди колдоп, жакшылыктарга кызмат кылабыз. Тойлорду театралдаштырып алып барабыз. Биздин кызмат 25 миң рубльдан 1000 долларга чейин барат. Баасын адамдын санына жараша айтабыз. Эгер жөн гана ырчылар барса, «Мурас-этно” театрынын алдында түзүлгөн “Мурас трио” деген группа бар, алардын акысы 15 миңден жогору. Көп учурда той ээлери арзаныраак болгонун издешет».
Бактыгүл Омуралиева иш учурунда кызыктуу учурлардан болуп тураарын дагы айтат.
«Бир жолу той башталып, жар-жар айтканы даярданып жатканбыз. Ырчы кызыбыз метронун башка бетинен түшүп калып, бири-бирибизди издеп жүрө бериптирбиз. Тойго кечигип жатабыз, тамада чалып жатат “бир сааттан бери жар-жарчыны күтүп жатабыз деп. Такси айдатып алып издеп жүрүп, ал кызды таап келе жаттык. Таксинин айдоочусу мекендешибиз экен. Айлабыз кетип, машинанын ичинде кийине баштадык. Айдоочу деле таң калып, аялдамада тургандар да таң калып карашат. Алдыда отурган кызыбыз ошол жерде эле кийимин алмаштырып жаткан. Ресторанга жетип эле, форма менен түшүп барып, тойду баштап бердик».
«Жумуштан чыгып, тойлорго барып иштейбиз. Бир тойдон чыгып, башка тойго барабыз. Ошондо кызык окуялар боло берет. Жумуштан шашып жатып, бир кесиптешибиз формасынын үстүн албай келиптир. Формабыз сары өңдө болчу, айлабыз кетти, мен ошол күнү сары водолазка кийип барыптырмын. Кырдаалдан чыгыш үчүн аны чечип, кызга кийгизгенбиз. Жумушта ушундай ар кандай учурлар боло берет экен. Орусияда орун алып, балдарды чоңойтуп, ийгиликтерге жетишип жатабыз. Мен эч качан Орусиянын элин, жерин жаман деп айткым келбейт. Абдан жакшы бизди колдойт, иш-чараларга катыштырат. Менин үч балам бар. Эки уул, бир кыз. Үч неберем бар. Жолдошум Кыргызнефтегазда иштейт. Балдарым Москвада жогорку окуу жайларын бүтүштү. Азыр Кыргызстанда кесиби менен жакшы жумуштарга орношуп, иштеп жатышат. Келечекте, Кыргызстанда өзүбүздүн элибизге кызмат кылып, каада-салт менен тойлорду өткөрө турган чоң борбор ачсам, деген максатым бар».
Ийгиликке жетиш үчүн замандын талабына ылайык, окуу менен жумушту айкалыштыруу керек. Эл менен иштешүүдө Бактыгүл пайдалуу кеңештерди, психологдордун сабактарын алып турат. Өзү да изденип, ишти кандай кылып алып чыксак, сахналаштырсак элден колдоо алабыз, маанайын көтөрө алабызбы деген ой жана изденүү менен иш алып барат.
Иш учурунда кыйынчылыктар да көп болот. Бактыгүлдүн репетиция кыла турган жери жок болгондуктан, кыргыздар иштеткен кафе, ресторандарга барып даярданып жүрүшкөн. Азыр маданий борбор ачылып, ал жерге ижарасын төлөп, даярданышат.
«Жумуш убактыбыз ар кандай болот. Кээ бирибиз 3 нөөмөттө иштейбиз. Бош убактыбызды пландаштырып, шартыбызга карап, репетиция кыла турган жерибизди ылайыктайбыз. Актер, ырчылардын көңүлүнө карап ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылам».
Уултай Ибраимова Москва шаарында сулуулук салон ачкан жаш ишкер. Анын айтымы боюнча бул театрдын ишмердүүлүгү Москвадагы кыргыздар үчүн абдан керек. Анткени майрам сайын чогулуп, ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө уюштуруу иштери бир топ жеңилдейт.
“Кыргыздар чогулганда, оюн-зоокторду өткөрөбүз, кыргыз ырлары ырдалат, улуттук кийимдер, улуттук тамактар, улуттук стилде жасалгалоолор жасалат. Айтор, Кыргызстанда жүргөндөй эле болобуз. Тойлорду өткөргөндө казан, очокту да ижарага берген мекендештер бар. Койду да союп, жиликтеп жеткирип беришет. Айтор, бардык кызматтар чет өлкөдө жашасак дагы жеткиликтүү».
Венера Шонкоева