Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын фронтовиктери тууралуу айтып бермекчибиз. Айылыбыздын фронтовиктеринин бири улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Макеев Молдобек тууралуу маалыматты баласы Молдобеков Эсенбектен алдык.
— Макеев Молдобек атабыз улуу Ата Мекендик согуштун ветераны. 1942-1945 жылга чейин батыш Украинадан Берлинге чейин жетип, кайтып келген. Макеев Молдобек 1903-жылы январь айында төрөлгөн, ал киши согуштан кайтып келгенден кийин айылдын башкармасы болуп, айылдын барктуу, даңктуу адамдарынын бири болгон. 1970-жылы 31-майда дүйнөдөн кайткан.


«Ак кептер» медиа борборунун атынан Макеев Молдобек чоң атабыздын үй-бүлөсүнө чоң чоң ийгиликтерди каалайбыз, 9-май Жеңиш күнү менен куттуктайбыз.
Даярдагандар: Кнатова Айдана, Чакчагаев Султаналы.
Сынак үчүн