Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен бүгүн биз сиздерге Салый Жамгырчиев тууралуу айтып бермекчибиз.
Ал киши тууралуу кененирээк маалыматты баласы Жамгырчиев Акылбектен алсак.
— Атам 1912-жылы Кара-Суу айылында туулган. 1939-жылы бир туугандары менен Украинага айдалып кетип, ошол жакта колхоздо иштеп жүрдү, кийин 1941-жылы согуштун алдында айылына кайтып келип, согушка кеткен. Согуштан эки жолу бутунан жарадар болуп, жаралары айыккандан кийин кайра согушка катышкан. 1945-жылы согуштан кайтып келип, айылда колхоздо иштеген айыл чарбасын көтөрүүдө салымын кошкон. 1982-жылы дүйнөдөн кайткан. Үч кызы, эки уулу бар.
«Ак кептер» медиаборборунун атынан фронтовик Жамгырчиев Салыйдын үй бүлөсүнө, жубайы Жамгырчиева Бүкөнгө, балдарына чың ден соолук каалайбыз.
Даярдагандар: Кнатова Айдана, Айдай Канусбекова, Чакчагаев Султаналы
Сынак үчүн