Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Жайыл

№ 7336 тилкесинде шайлоо аяктады

4- октябрь саат 20-00 Жайыл районунун номер 7336 тилкесинде шайлоо аяктады. Бул шайлоо тилкеси райондун Кара-Суу айылында Кара-Суу орто мектебинде жайгашкан.

Айылда жүгөрүнүн түшүмү алынып бүттү

Мекенибиздин ар кайсы региондорунда түшүм жыйноо кызуу жүрүп жаткан маал. Жайыл районунун Кара-Суу айылында беде уруктун түшүмү жыйналып бүтүп, экинчи сентябрь күнү дыйкандар жүгөрүнүн түшүмүн жыйнап алышты.

Айылдагы таза суу системасы көп бузулууга учурайт

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын таза суу системасы 1960-жылдардын башында курулган, бирок ошого карабай дагы эле иштеп келе жатат. Бирок тилекке каршы көп бузулууга учурайт.

Райондогу муктаж адамдарга жардам көрсөтүү уланууда

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районундагы жана Суусамыр өрөөнүндөгү, ошондой эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 900 миң сомдук көлөмдөгү азык-түлүк жардамын көрсөттү.

Аудио: Кыш мезгилинде элеттеги аялдардын жашоо турмушу

Бул аудиобаянда сиздер Жайыл районунун Кара-Суу айылынын аялдары кышты кантип өткөрө тургандыгы менен таанышасыздар.Кыш.Аялдар

Сүрөтбаян: Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды

Жайыл районунун Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды. Айылдын дыйкандары кубаттуу комбайндарды жалдашып, түшүм жыйнай башташты.

Тил күнүнүн 30 жылдыгы белгиленди

23- сентябрда Кыргыз Республикасында тил майрамы белгиленди. Быйыл тил күнүнүн 30 жылдыгы майрамдалды.

Сүрөтбаян: КР ЖК депутаты тапшырмасын текшергени келди

КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундарына «жолуңардын калган жерин асфальттатып берем» деди эле. 04.09.2019-жылы ДЭП-40 тын жумушчулары келип, калган 160 метр жолду асфальттап кетишти.Айылда 1160 метр …

Айылдын жолу асфальттанат

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын 1 чакырым жолу асфальттанганы жатат. Даярдаган: Чакчагаев Султаналы

Күрөш секциясы ачылды

Жайыл районуна караштуу Кара- Суу айылынын жаштары эски кинозалды спорткомплекс кылып алышты. Тегерегине балаты көчөттөрүн отургузуп, курчап коюшту. Эски кинозалдын орду айылдын бир көркүн чыгарган имаратка айланып, жаштарды өзүнө тарта …

Кара-Сууда кант кызылчасын казуу башталды

Быйыл Жайыл районунун Кара-Суу айылында былтыркы жылдарга караганда кант кызылчасы жакшы түшүм берди. Айылдын тургундары кубанууда.

Кара-Сууда Жайыл райондук мектептердин профсоюз лидерлеринин семинары болду

Кара-Суу орто мектебинде Жайыл районунун мектептеринин профсоюз лидерлеринин семинары болуп өттү. Анда ар бир профсоюз комитеттерди өз мөөрлөрүнө ээ болушту.

Кара-Сууда эмгек чейреги башталды

Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды. Ага мугалимдер жана окуучулар менен катар ата-энелер да катышууда.

Суу сактагычта суунун деңгээли жогору болууда

Жайыл районундагы Кара-Балта суу сактагычына май айындагы көп жааган жамгырдан 9-10 куб суу кирип, чыгышы 5-6 куб болуп, абал кооптуу болууда. Бул абал тууралуу суу сактагычтын көзөмөлдөөчүсү, Жайыл районунун УОСунун кызматкери, …

Кара-Суу: Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик аттестацияга кандай даярданууда?

Кара-Суу айылынын бүтүрүүчү класстарды экзаменге кандай даярдык көрүп жатышканын билүү үчүн аларды кепке тарттык.

Кара-Суунун бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайга тапшырат?

Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты бүтүрүүчүлөрүдөн алсак.       Кара-Суунун бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайга тапшырат? — Мен Нурбеков Сыймык, азыркы учурда Кара-Суу орто мектебинде 11-классында окуп …

Кара-Суунун саяпкери ат чабышта төө утуп алды

Кара-Суу айылынын тургуну, саяпкер Эсенбек Молдобеков 9-майда Новониколаевкада болуп өткөн чоң ат чабышка катышып, айылга дагы бир төө утуп келди. 

Кара-Суу: «Ак кептер» жамааттык медиа борборунун кабарчылары долбоор жазганды үйрөндү

«Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү 2-майда Бишкек шаарында жайгашкан Клооп Медиа коомдук фондунда долбоор жазуунун эрежелери боюнча тренингге катышып келишти. Ага аталган медиа борбордун 10 волонтерлору барып, кичи долбоор …

Айыл фронтовиктери: Иса Алиев

Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен сиздерге улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эр жүрөк Кара-Суу айылынын кулуну Алиев Иса тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты ардагер чоң атабыздын кичүү баласы Алиев Алмаздан алсак.

Айыл фронтовиктери: Жамгырчиев Салый

Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен бүгүн биз сиздерге Салый Жамгырчиев тууралуу айтып бермекчибиз.

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...