Кара-Суу орто мектебинде Жайыл районунун мектептеринин профсоюз лидерлеринин семинары болуп өттү. Анда ар бир профсоюз комитеттерди өз мөөрлөрүнө ээ болушту.
Кененирээк маалыматты Кара-Суу орто мектебинин профсоюз комитетинин төрагасы Чакчагаев Султаналыдан алсак.
«Семинарда мектепте профсоюз иштери кандай жүрүп жатат, мугалимдердин эс алуусун уюштуруу кандай жүрхп жатат, жана ошондой эле ар бир мектептин профсоюз комитети өз мөөрлөрүнө ээ болушту. Бул ишти Жайыл райондук билим берүү профсоюздар комитеттеринин төрагасы Бадачиева Рахат Медетовна уюштуруп, Бишкектен заказ менен мөөрлөрдү жасаттырып келди. Ошентип, профсоюздар өз мөөрлөрүнө ээ болушту», — деп билдирди Чакчагаев.
Эмки сөздү семинардын катышуучуларына сунсак.
— Мен Полтавка орто мектебинен келдим. Биз профсоюздар мугалимдердин эмгек акысын так, туура бергенин, эс алуусун, эмгек коопсуздугунун сакталышын, мугалимдердин эс алууларына кам көрөбүз.
— Өскөнбаева Нуржамал Кеңешкулова, биз мугалимдердин жашоосун, эс алуусун жакшырталы деп аябай аракет кылып жатабыз. Айыл өкмөттөрү менен бирге иштешип жатабыз, кыйынчылык убактарда, ооругандарга жардам беребиз.
Эмне үчүн жаш кадрлар мектепке келбей жатышат, мугалим болуп иштегиси келишпейт?
— Айлык акы аз, жумушу көп, балдар менен иштеш абдан татаал. Азыркы балдар агрессивдүү, оокаттын айынан көп ата-энелер чет жакта иштеп, балдарын башкалар тарбиялап, каралбай калгандар өтө көп. Ошондуктан жаштар мектепке келишпейт.
— Ааламдашуу заманында жаштар чет өлкөгө баргысы келишет, көп-көп акча тапкысы келет. Мугалимдин айлыгы аз, ошондуктан иштегиси келбейт деп ойлойм.
— Мугалим болуп иштеш үчүн чыдамкай, күжүрмөн болуш керек. азыркы жаштардын көбүндө мындай сапаттар жок. Анан айлык акы аз, ошон үчүн мугалим болуп иштегиси келбейт жаштардын.
— Кара-Суу мектеби сиздерге жактыбы?
— Ооба абдан жакты. Мектеп таза, кенен экен. Бизге өзгөчө мектептин ичиндеги бакча, медиаборбор жана электрондук библиотеканын иштери абдан кызыктырды. Кара-Суу орто мектебине жана мугалимдерине ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Назик Данияр кызы, Таазим Талдыбекова
Сынак үчүн