Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды. Ага мугалимдер жана окуучулар менен катар ата-энелер да катышууда.
Кененирээк маалыматты башталгыч класстын мугалимдери Акешова Гүлнара жана Жумалиева Гүлмирадан алсак.
«Окуу жылы аяктап мектептин ремонту менен алек болуп жатабыз. Бүт мугалимдер, жогорку класстын окуучулары эмгек чейрегин башташты. Башталгыч класстын мугалимдери, ата-энелер менен бирдикте иштеп жатышат. Класстарды актап бүтүп койдук», — дейт Гүлнара Акешова.
«Ар бир класстын ата-энелери келип, класс жетекчиге, мектепке жардам берип жатышат. Алар актоо иштерин аяктап коюшту. Ошентип, башталгыч класстар жаңы окуу жылына даяр деп айтсак болот, анткени балдар окуган жайлар, класстар эмки окуу жылына карата даяр десек болот», — деди 2-класстын мугалими Жумалиева Гүлмира.

Окуу жылы да аяктап, алдыда 9-11-класстын экзамендери эле калды. Жогорку класстар мектептин ремонт иштерине жардам берип жаткан учуру. «Ак кептердин» атынан ремонтту жакшылап аяктап, комиссияга эң жакшы деген баада тапшырышын каалайбыз.
Даярдагандар: Канышай Алымбекова, Сезим Дүйшөкеева
Сынак үчүн