Лейлек районуна караштуу Сумбула айылындагы Манас атындагы орто мектебинде от казанынын абалы начардыгынан көйгөй жаралып жаткандыгын айтышат. Бул тууралуу бизге мектептин чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Бакыт Жалилов билдирди.
— Учурда от казан жардамга муктаж. Былтыры кыштан эптеп эле чыкканбыз. Авария болгондо гана ошого ылайыктап араң жардам берет, кышта кыйналганбыз. Бул от казанды оңдоп-түзөө үчүн болжол менен 20 миңдей каражат керек. Азыр айыл өкмөтү жардам көрсөтөбүз деп жатат, кантсе да бир уюм жардам көрсөтсө өздөрү көзөмөлдөйт эле. Негизиден жакшы болмок. Мектептин от жаккычы Чолпонов Акжол кышта көп эле кыйынчылык туудурганын айтат. “Эгерде көрсөтүлгөн сумма табылбай калса, мектептин төртүнчү блогу жылыбай калышы ыктымал», — деп токтолду ал.
Даярдаган: Данияр Бахридин ууулу
Сынак үчүн