Доллар — бул товар болуп саналат. Албетте анын курсунун жогору же төмөн болуусу ага болгон суроо-талаптан көз каранды. Ал эми аталган товардын курсунун бир калыпта турбай улам өзгөрүүсү жеке ишкерлерге, алардын ишмердүүлүгүндө чоң таасир тийгизет.
Мындай пикирди Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы май куюучу жайлардын ээси Жанылышов Айбек да тастыктады.
— Бизге абадан эле чоң таасирин тийгизип жатат. Мисалы менин Ак-Талаада май куюучу жайым бар. Бензин, дизтопливо сатабыз. Биздин майдын баасы доллардын курсуна жараша болот. Дүйнө жүзүндө бир нефть барьер кымбат болсо, ал бизге жеткиче сөзсүз кымбат баа менен келет.
Ири чоң соода жүгүртүүчү замандштарыбыздын ишмердүүлүгүндө доллардын курсунун төмөндөөсү же жогорулоосу дайыма көңүл борборунда болот. Анткени алынып келинүүчү жана сатылуучу товардын баасы асман менен жердей айырма болуп калуусу толук мүмкүн, дейт Баетов айылындагы күйүүчү майларды сатуу менен алектенген жеке ишкер Соодонбекова Токтокан.
— Доллар былтыр өсүп турган кезде бир бензовоз майды 400-450 миңге алып келчүбүз. Азыр болсо 350 миңге алабыз. Биздики пайдасыда, зыяны да болот. Кээде өзүнүн баасында деле сатабыз. Кымбаттап кеткенде айыл жеринде эл кээде түшүнөт, кээде түшүнбөйт. Анан өз баасы чыксын деп коёбуз.
Ал эми РСК банктын Ак-Талаа филиалынын директору Жумабеков Нурбек ишкердүүлүк менен алектенген кардарларына соода жүгүртүү үчүн насыяларды валютанын кайсы түрү менен алуу пайдалуу экендигин тууралуу кенеш берет.

— Кардар доллар менен алам десе анда кардарыбыздын соода жүгүртүүсү доллар менен болсо, ага киреше доолар менен түшө турган болсо демек болот. А эгерде насыяны доллар менен алып, кайра сом менен соода кылса утулуп калат.
Илимий термин катары карай турган болсок, анда доллардын курсунун өзгөрүүсү экономиканын абалын көргөзүп туруучу бирден бир көрсөткүч болуп саналат. Өзгөчө рыноктук экономикада өзгөрүү курсу өлкөнүн тышкы жана ички соода байланыштарында чечүүчү ролду ойнойт. Бирок учурда рынокто соода жүгүртүүнү улуттук валюта менен жүргүзүү иш аракеттери көрүлүүдө.
Даярдаган: Г. Мамытбекова