Жайыл районунун Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды. Айылдын дыйкандары кубаттуу комбайндарды жалдашып, түшүм жыйнай башташты.
Тургундар жүгөрүнүн түшүмүн жыйноого кубаттуу комбайндарды жалдашты.
Кара-Суу айылына эки комбайн келди.
Комбайндар Акматов Мураттын жүгөрү аянтын чабууда.
Алты гектар аянтты бир заматта чаап коюшту.
Ар бир гектар жерди 6500 сомдон чабышты.
Акматов Искендер алты гектар жерден отуз тоннадан ашык жүгөрү алганын айтты. Дыйкандар Акматов Мурат, Жамгырчиев Ашырбек, Чакчагаев Чынгыздын айтуулары боюнча жаңы комбайндар абдан ыңгайлуу, чаап, жүгөрүсүн да чыгарып берет.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза