Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында чычырканак терүү иштери башталды. Суусамыр айылына чычырканактын көчөттөрү 2022-жылы «Ак илбирс» фонду тарабынан 60 сотых жер аянтына отургузулган. Плантацияда Суусамырдын климаттык шарттарына ылайыкташкан чычырканактын бир нече сорту өстүрүлөт.

Долбоорго жергиликтүү тургундар да тартылып, үч жыл аралыгында көчөттөрдү өз каражаттарынын эсебинен багып, айланасын тазалап, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп келишкен.
Быйыл чычырканак көчөттөрү жакшы түшүм берип, бир түптөн орто эсеп менен 11 килограммга чейин мөмө алынууда.
Ишкерлер жергиликтүү тургундарга колдоо көрсөтүү максатында каалоочуларга чычырканакты өздөрү терип алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатышат. Анын шарттары 50/50 — терилген түшүмдүн жарымы терген адамга, жарымы ишкерлерге берилет.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна