Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында күзгү жыйноо иштери 95% га жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл башка жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз жана суу жетишсиздигинен улам эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөн болду дейт.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды. Айылдын дыйкандары кубаттуу комбайндарды жалдашып, түшүм жыйнай башташты.
Жүгөрү илгертен тамак-ашка жана малга тоют катары кеңири колдонулуп келет, учурда дүйнөдө эң популярдуу дан өсүмдүгү. Жугорунун даны жана сабагы менен сотосунан даярдалган силос малга өтө баалуу тоют болуп эсептелет. …
Арбын айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү башка өсүмдүктөр менен катар жүгөрүнү көп өстүрүшөт. Көбүнчө жүгөрү малдарга тоют катарында колдонулат. Кээ бир дыйкандар көп өстүрүп, сатып пайда көрүшсө кээ бирлери малдарына кыш …