Арбын айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү башка өсүмдүктөр менен катар жүгөрүнү көп өстүрүшөт. Көбүнчө жүгөрү малдарга тоют катарында колдонулат. Кээ бир дыйкандар көп өстүрүп, сатып пайда көрүшсө кээ бирлери малдарына кыш учурунда берилүүчү жем катары пайдаланышат.
Арбында жүгөрүнү оруп жыйуу иштери сентябрь айынын онунан башталып, октябрь айынын аягына чейин уланат. Талааларга бир үй-бүлө толугу менен бала-чакалары менен жүгөрүнү чогултуу иштерине чыгышат. Таев Камчыбек жыл сайын өзүнүн үлүш жерине жүгөрү айдайт. Быйыл дагы жүгөрүнү оруп жыйуу маалында Баланча менен талаада жолугуп маек курдук.
Оруп жыйуу иштери быйыл кандай болуп жатат?
Талаа иштери быйыл абдан жакшы болуп жатат. Дыйкандардын бактысына жараша аба-ырайы дагы жакшы, жаан-чачын боло элек. Менин 30 сотых жүгөрүм бар. Бул жерден мен 3 тоннадан ашыгыраак жүгөрүнүн башын алам деп турам. Жүгөрүнү кышта майдалап малдарыбызга жем катары беребиз.
Жүгөрүнү өстүрүүдө кандай кыйынчылыктар келип чыкты?
Бизде быйыл эч кандай маселелер жаралган жок, сугат суу дагы жетиштүү болду. Болгону башка жерлерде жетишсиз болбосо бул жерде суу жетиштүү болду.
Жүгөрүнү оруп жыйуу ишине адамдарды жалдап иштетесизби же үй-бүлөңүз менен бүтүрөсүзбү?
Бул жылы үй-бүлөбүз менен чыгып бүтүрүп жатабыз. Мурдакы жылдары жумуш көп болуп жалдаган учурларыбыз болгон. Азыр кемпирим менен эле чогултуп жатабыз, анан 2 неберем бар сабактан кийин келип жардам беришет. Эртең базар күнү дагы жардам беришсе бүткөнгө жакындатып коебуз, деди дыйкан Таев Камчыбек.
Күз маалында талааларда үй-бүлөсүнө жардам берип, эбегейсиз салым кошкон жаш кыз-балдарды да жолуктурса болот. Алардын бири Азимова Нурзат, ал сабактан кийин ата-энесине жардам беруу максатында талаага чыгып жүгөрү жыйнайт.
Талаага чыгып иштөө сен үчүн оор эмеспи?
Ар бир иштин кыйынчылыгы жана жыргалчылыгы болот деп коет эмеспи. Кыйынчылыгы кээде сабактан калып калган учурларыбыз болот. Ал эми өзүм талаага 12 жашымдан баштап чыгып келем. Негизинен кыйын деле эмес, жаштайыбыздан талаа ишине чыгып көнүп калганбыз.
Канча сотых жүгөрүңөр бар?
20 стотых жерде жүгөрүбүз бар, андан тышкары башка эгиндерибиз дагы бар. Жыйынтыктоочу ушул жүгөрү эсептелинет, жүгөрүнү жыйноо бүткөндөн кийин бош эле болуп калабыз, деди Нурзат.
Даярдаган: Карим кызы Динара