Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында күзгү жыйноо иштери 95% га жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл башка жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз жана суу жетишсиздигинен улам эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөн болду дейт.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Кулатов айыл аймагынын жер адиси Равшанбек Ураимов бул жылы эгилген дан эгиндери жана түшүмдүүлүк тууралуу төмөнкүчө токтолду.
«2021-жылы Кулатов айыл өкмөтүнө 1584 гектар жер аянтына дан эгиндери эгилген. Анын ичинен кылкандуу дан 1140 гектарга, буудай 980 гектарга, арпа 160 гектарга, жүгөрү 444 гектарга эгилген. Ошондой эле май өсүмдүгү 50 гектарга, картошка 137 гектарга жана жашылчалар 70 гектар жерге эгилген. Күз болоору менен кылкандуу дан өсүмдүктөрү жыйналып бүткөн. Быйылкы жылы аба-ырайы кургак болгондугуна байланыштуу түшүмдүүлүк төмөн болду».
Кызыл-Булак айылынын тургуну Кыздаркан Алимова үлүштүк жерине жүгөрү эккен.
«Быйылкы жылы жаан-чачын аз болгондугуна байланыштуу түшүм да жылдагыга салыштырмалуу азыраак. Бирок, ошондой болсо да айыл жеринде жашагандан соң мал чарба, дыйканчылык менен аракеттенип, түшүмдү жыйнап жатабыз. Үлүштүк жерибизге жүгөрү эккенбиз, азыр башын алып келип тазалап жаткан учурубуз».
Ак Чал айылынын тургуну Каныбек Жээнбеков кышкыга тоют жетпей калабы деп, камданып жаткан маалы.
«Быйылкы жылы кургакчылык болгондугуна байланыштуу жүгөрүнүн паяларын сатып алууга туура келди. Жүгөрүнүн боосун 50 сомдон сатып алып жатабыз. Кургакчылык болуп, түшүм аз болгондугу үчүн малдарга кышкыга тоют жетпей калат деп сатып алып жатабыз».
Чынара Нурманова, Таңнуру Жалалова