Барскоон айылында жалпысынан төрт мал доктур эмгектенет. Алардын экөөсү мамлекеттик, ал эми экөөсү жеке менчик мекемеде эмгектенген мал доктурлар. Алар мал-жандыктардын арасындагы жугуштуу ылаңдарды жайылтпоо үчүн ар дайым алдын ала кам көрүп келишет.
Мал доктурлардын айтымында быйылкы жылы жугуштуу ылаңдар азырынча каттала элек. Жети-Өгүз району боюнча 65187 баш уй баласы, 28 миң жылкы, 145 миң кой бар. Булардын ар бири өз убактылары менен эмделип турат. Мисалы, мүйүздүү мал жылына төрт жолу эмдөөдөн өтүп, эки жолу каны текшерилиши керек.
Азыркы учурда уйларга шарп ылаңынан алдын алуу боюнча эмдөө жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада ар кандай ылаңдардан сактоо үчүн ар бир короолорго дезинфекция жасала тургандыгын Жети-Өгүз ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Бакытбек Жумаев билдирди.
«Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз району боюнча уй баласына вакцинация жасалууда. Бул биздин жылдагы эле пландык ишибиз. Бодо мал арасындагы ылаңдардын алдын алуу максатында эмделет. Негизинен уйларга жай, күз айларында сайылат. Азыр мал доктурларыбыз сырт өрөөнүндө иштеп жатышат. Кудай буюрса бир-эки күндө келип калышат. Алар келишсе район ичиндеги баардык айылдарга барып, ар бир короого дезинфекция жасайбыз. Себеби эски короолордун күн тийбей турган жерлеринде ар кандай ылаңдардын микробдору калып калышы мүмкүн».
Короодогу бир бодо мал ооруса аны дарылатуу үчүн бир топ акча каражаты сарпталат. Андыктан өз учурунда ар бир жандыкка тиешелүү дары-дармектерди сайдыртуу абзел. Алдын ала эмделген мал жугуштуу ооруларга чалдыкпайт.
Быйыл кургакчылык болуп, жайыттарда чөптөрдүн күйүп кетиши малдын жайлоодон эрте түшүшүнө бирден-бир себеп болду. Айыл тургуну Анара Турсунаалы кызы учурда малдарын короого багып, жугуштуу ылаңдардын алдын алуу үчүн мал доктурларды үйүнө чакырып эмдетип жаткан учуру.
«Биз айылдан алыс жашагандыктан мал доктурларды үйгө чакырганга туура келет. Мынча малды айылга айдап баруу биз үчүн кыйын болуп калат. Жылда эле үйгө чакырып ийне сайдырып, кан алдырып келебиз. Себеби оорулардын алдын алуу керек. Антпесе ылаң менен ооруган уйлар музоо салып коюшат, кээ бирлери өлүп да калат. Ылаң менен ооруп жаткан мал сөзсүз арыктайт. Эгерде короого багып жаткан болсо башка малга жукпайт деп кепилдик да бере албайсың…»
Бардык мезгилге карата айыл өкмөтү тарабынан жайытты пайдалануу планы түзүлөт. Малды чыгарууга чейин жайытты тазалоо жана камсыздандыруу запасын даярдоо боюнча керектүү иштер жүргүзүлүп келет. Ар бир мал-жандык өзүнө тиешелүү тоют жей албаса, иммунитети төмөндөйт. Анын кесепетинен илдет пайда болот.
Ача туяктуу малдар арасындагы жугуштуу ылаңдын алдын алуусу боюнча Барскоон айыл аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ар бир тургунга малдарына эмдөө жасатып, кан алдыртыш керектиги мал доктурлар тарабынан эскертилүүдө,-дейт Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Асанов.
«Биздин айыл аймакта статистика боюнча бодо малдын саны 7500 миңден ашуун деп берилүүдө. Барскоон айылы боюнча азырынча малдын арасындагы жугуштуу оорулар каттала элек. Ошентсе дагы мал доктурларыбыз алдын-ала иш чараларын жасап жатышат. Бизде төрт мал доктур эмгектенип келет. Алардын экөөсү мамлекеттик, ал эми экөөсү жекече иштеген доктурлар. Бирок төртөө тең биргелешип эмгектенишет. Айылды төрт аймакка бөлүп алышкан. Ар кимиси өз аймактарына жооптуу. Учурда уйларга шарп ылаңына каршы вакцинация жасап жатышат. Мындан тышкары айыл тургундарына түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлүп жатат».
Гүлкайыр Осмоналиева