Совет бийлиги кулагандан тарта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арбын айылында таза суу берүү токтотулган. Бул айылда суу түтүктөрү жарактан чыгып, аларды оңдоо иштерине акча каражаты тартыш болсо, кээ бир жерлерде 40 метрге чейин казмайын ичүүчү таза суу чыкпайт. Ошондуктан айыл эли дарыядан бөлүнүп агып келген арыктагы сууларды ичүү үчүн пайдаланууга аргасыз болушат.
Айылга бир канча ирет чет элдик уюмдардан таза суу чыгаруу боюнча түрдүү долбоорлор ишке ашырылган. Бирок ал долбоорлордун бардыгы сапатсыз ишке ашкандыктан ушул күнгө чейин таза суу чыкпай келет. Ал эми арыктагы сууларда таштандылардын жатышы, мал жакндыктардын сууну булгап ичишине карабай айылдыктар арыктардагы сууларды ичүүгө пайдаланышат.
“Биз тоок, каз менен бирдей эле бир арыктан суу ичип жүрөбүз. Тазалыкты кармабаган өзүбүздө дагы күнөө бар, анткени арыктарды тазалап карабайбыз. Арыктагы суунун зыяндуулугу күз айында өтө көп, анткени сарык оорусу күч алууда. Ылаңдаган малдар арыктагы суудан ичишет. Мисалы, оозунан шилекей чууруган шарп менен ылаңдаган малдар бар. Ушунун баардыгы адамдарга терс таасирин тийгизип жатат. Өт оорулар, тиф оорулардын бардыгы ошондон пайда болуп жатат”, деп өз пикирин айыл тургуну Мамажунусова Айгүл билдирди.
Көйгөйдүн бир жагы булганган арыктагы сууларды пайдалануу болсо, экинчи жагы кышында арыктагы суулар да тоңуп айыл эли жапырт чоң дарыядагы суудан суу ташыйт. Кыш учурунда дарыядан мал жандыктар дагы чогулуп суу ичишет. Мал ичкен жерден алардын тезектери калып, суу менен кошо агат. Ага карабастан айыл эли дарыянын суусун алууга мажбур болушат.
Булганган сууну ичүү өзгөчө организми калыптана элек өспүрүм балдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Арбын айылдык медициналык пунктунун башчысы Мамытова Суусар айылдагы жаш балдардын бардыгында мите курттар кездешээрин билдирди. “Арыктагы сууну ичкендиктен бизде жугуштуу оорулар көп катталып жатат. Анын ичинде сарык оорусу, мите курттардан улам келип чыгууда. Айрыкча жаш балдар арыктагы кайнатылбаган суу ичип сарык болушат. Эң эле жаманы сарык оорусунан дарыланып келишсе деле бул оору менен кайрадан ооруп калгандар көп”, — деди Мамытова Айгүл.
Дарыгердин айтымында сарык оорусу менен айына 4-5 бала катталат экен. Алардын бардыгында мите курттар бар экендиги белгилүү болот. Эң эле өкүнүчтүүсү мите курттардан арылуу абдан татаал, дарыланып келген балдарды кайрадан текшеришсе мите курттардын болушу аныкталат. Өз убагында ичеги курттар көп залал, терс таасирлерди тийгизет. “Мите курттар аз кандуулукка алып келет, балдардын өсүшү дагы начарлайт. Акыл эси жактан артта калат, каны аз болгондон кийин иммунитети алсыз болот”, дейт Мамытова Суусар.
Мындай терс жыйынтыктарды алып келээрин түшүнгөн айыл эли, арыктарды тазалоо демилгесин көтөргөн. Кээ бир айылдын тургундары булактарды атайын тосмлор менен курчаса, кээ бир айылдыктар мотордун жардамы менен үйүнө таза суу киргизип алышкан. Бирок ошондой болсо дагы айылдын басымдуу бөлүгү булганган арыктагы сууну ичүүгө муктаж.
Даярдаган: Азимова Нурзат