Куу Майдан айылында 10 жылдан ашуун убакыттан бери таза суу маселеси курч болуп келет. Айылда таза суу болгону 2 кундө бир жолу гана 2 саатка чыгат. Ал эми суу чыгуучу түтүктөр да бири-биринен бир топ алыс жайгашкан, жада калса кээ бир көчөлөрдө андай түтүктөр жок.
Куу Майдан айылынын Медресе көчөсүндө жайгашкан булактан айыл тургундары булактын суусун күнүмдүк ичүүчү суу катары пайдаланып келишет. Бирок аталган булак эч кандай тосмо менен курчалбагандыктан мал жандыктар кирип, булактын суусун булгашат, андан тышкары жаан жааганда, көчөлөрдөн, арыктардан агып келген суулар булакты булгап, жергиликтүү жашоочулардын суу пайдалануусуна тоскоолдуктарды жаратып келген.
“Бул булакты курчоого айылдык өз алдынча башкаруу комитетинен жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом бөлүнүп берилсе, эл дагы кошумча акчалай жардам беришти. Жалпысынан 52 миң сомдук долбоор болду. Негизги максатыбыз айыл элин таза суу менен камсыз кылуу”, — деди айылдык коомдук өз алдынча башкаруу комитетинин мүчөсү Ысаков Нурмухаммед.
Айылдагы суу ичүүчү түтүктөр электр энергиянын жардамы менен берилет. Кээде электр жарыгы өчүп калганда суу дагы чыкпай калат. Ал эми көп учурда жерден сууну тартып алган моторлор суукка чыдабай жарылып калат, же болбосо башка техникалык себептерге байланыштуу иштен чыгат. Мына ушундай учурларда айыл эли таза суу менен камсыз болбой калат.
Ушундай учурларда Медресе көчөсүндөгү жалгыз булактан бүтүн айыл элинин тургундары суу алууга мажбур болушат. Бирок ушул күнгө чейин аталган булак эч кандай тосмолор менен курчалбай, ээн, ачык жакшы каралган эмес.
Булакты тосуу ишин алгачкылардан болуп айылдын тургуну Ысаков Нурмухаммед көтөргөн. Азырынча булакты сол капталына фундамент куюп, тирөөчтөрдү орнотуп темир тор менен курчашат. Ал эми бардык аткарылган иштер ашар жолу менен жасалууда. “Азыр биз 5-6 адам эмгектенип жатабыз. Мындан мурда 1 күн иштегенбиз, бүгүн экинчи күнүбүз, дагы бир күн иштесек бүтүп калабыз. Келечекте булактын экинчи оң тарабын дагы курчоого алуу боюнча буйруса спонсор адамдар менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деди Ысаков Нурмухаммед.
Даярдаган: Абсатаров Жеңишбек