Ноокат районунун, Кенеш айыл өкмөтүндөгү Куу-Майдан айылында жайгашкантКуу-Майдан тигүү цехи 2011-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө цехте 4 айым эмгектенип, жашоочулардан келген буюртмаларды өз убагында аткарып келишүүдө.
Аталган тигүү цехте негизинен кыздын себи даярдалат, айымдар үчүн түрдүү кийим-кечектер тигилет, андан тышкары улуттук кийимдер, майрамдык кечелерге кийилүүчү формалар, бий көйнөктөрү дагы даярдалат.
“Биздин чеберкана эл үчүн кызмат кылуу максатында ачылган. Кээ бир окуучулар алыс жерлерге барып кийимдерди прокатка алып келишет. Бул аларга бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Анткени бир четинен жол алыс болсо, экинчиден дол кире дагы кымбат. Ошондуктан окуучулар келип бизге форма тигип бериңиздер деп кайрылышкан”, — деп билдирди цехтин жетекчиси Абдыбаитова Таттыбүбү.
Куу майдан тигүү цехинде кийим-кечектерден тышкары көрпө төшөктөр дагы даярдалат. Ал эми келген кардарлар кийимдердин каалагандай фасонун, формасын заказ беришет. Цехтин кызматкерлери кардарлардын баардык каалоолорун аткарганга аракет кылышат.
Темиркулова Бактыгүл цехтин ар дайымкы кардары. Ал бул жерге окуучуларга кыргыз көйнөктөрүнө заказ берген. “Жакында мектепте математика классынын ачылышы болот. Кабинеттин ачылышына карата чакан концерттик программабыз бар. Ошого байланыштуу алты окуучу кызыма кемсели менен көйнөк тиктирдим. Биринчиден бул жерде сапаттуу кылып тигип беришет, экинчиден арзан. Ошондуктан мен башка жака кайрылбайм, ушул жерге эле келем”, деди цехтин кардары Темиркулова Бактыгүл.
Аталган цехке башка айылдын тургундары дагы келишет, анткени Ноокат шаарына барууга жол кире жана убакыт дагы сарпталат. Ошондуктан айыл эли убара тартпастан ушул цехке келип, каалаган буюмун, кийимин тиктирип кетишет. Ал эми түшкөн каражат цехтин чыгымдарына жана жумушчу айымдардын айлык маяналарына жумшалат.
Даярдаган: Исаев Жеңишбек