Айыл тургуну Иманкулов Шайырбек жоголуп бара жаткан каз таман тракторун желим дөңгөлөктүү тракторго айландырды.
Бул тракторду ойлоп тапкан Шайырбек Иманкулов мындай дейт:
— Бул тракторду ойлоп тапканымдын максаты Беларусь тракторун сатып алыш үчүн 25 миң доллардын тегереги экен. Өзүмдө тетиктер бар болгондуктан арзан түштү, анан бул трактор кытайдын тракторуна караганда күчтүү экен жана майды азыраак сарптайт.
-Кандай өзгөчөлүктөрү бар?
-“Мунун өзгөчөлүктөрү: универсалдуу трактор, буга сузгуч коём жана алдыга артка бирдей жүргөн тетик орнотком, башкаргычы жеңил унааныкындай, алдыңкы мосту зилдики, артты карай чөп чабат, алдыны карай сузгуч илемин дагы жүк жүктөймүн”.
Жаңы трактордун жасалышына көмөк көрсөткөн айылдык ширетүүчү Токтобек Тентиев тракторду жасоо учурундагы кыйынчылыктарга токтолду.
“ Биз муну кураганда темирлер бири бири менен дал келбей, ушунчалык көп кыйынчылыктарга туш болдук, биз дагы ошого карабастан курап жатабыз”.
Бул жаңы айыл чарба техникасынын кызматын айыл тургуну Куштар Сатымкулов дайым колдонуп келет.
“Мына быйыл ушул трактор менен бул огородду айдадык. Чыкканын өзүңүздөр көрүп атасыздар. Шайырбек байкенин кесипкөйлүгү, чыгармачылыгы менен жасалган техника быйыл көп кишилерге жакшы жардам берди. Эми келечекте бул мындай болсо келерки 2015-жылда ушул техника менен жер айдатайын деп жатам. Бул киши менен көп жылдан бери кошунабыз, эмгекчилдигин билем. Элге дагы айтып кетет элем, ушул техника менен пайдалангыла айыл чарбасында азыр эми техниканы сатып алыш кыйын болуп жатпайбы бүт эле кредит менен берип жатат”.
Айыл тургундары айтып кеткендей Шайырбек Иманкулов эл ичинде өзүнүн эмгекчилдиги менен айырмаланып келет. Анын чыгармачылыгы бир гана трактор менен чектелбестен азыр ал башка техникаларды жасоо менен алек.
Даярдаган: Айбекова Айзада