Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин бүтүрүүчү 9-11-класстары Байышбек Абдураимов атындагы кесиптик лицейге саякатка барышты.
Баетов айыл өкмөтүнүн алдында уюштулган “Асыл түшүм” муниципалдык ишканасын техникалык жактан камсыздоо жана оруп-жыюу иштерин убагында бүткөрүү үчүн жаңы айыл чарба техникалары алынып келинди.
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо аяктап калды. Кара-Суу айылынын тургундары акыркы арпа жана буудай аянттарын чаптырышууда.
Айыл тургуну Иманкулов Шайырбек жоголуп бара жаткан каз таман тракторун желим дөңгөлөктүү тракторго айландырды.