Баетов айыл өкмөтүнүн алдында уюштулган “Асыл түшүм” муниципалдык ишканасын техникалык жактан камсыздоо жана оруп-жыюу иштерин убагында бүткөрүү үчүн жаңы айыл чарба техникалары алынып келинди.
«Nova 340» комбайны
«Беларус 892.2 үлгүсүндөгү айыл чарба трактору
Тактап айтканда, аталган муниципалдык ишканага жаңы үлгүдөгү «Nova 340» комбайны жана «Беларус 892.2 үлгүсүндөгү трактор «Айыл банк» ААКсы менен 7 288 500 сомго «Композит Групп» ЖЧКсынан алынды.
А.Абдиев «Асыл түшүм» муниципиалдык ишканасынын жетекчиси
Ишкананын жетекчиси Анарбек Абдиев: “Техникалар 8% жана 10% менен 10 жылга насыя түрүндө алынды. Бизде жай мезгили кыска убакыт. Дыйкандар оруп-жыюу иштерин кышка калтырбай чаап жыйнап алуусу керек. Ошол себептүү заманбап айыл чарба техникалары менен бул маселени чечүү жолго коюлуп, дыйкандарыбыз эгинин чаап, же чөп менен убагында камсыз болот”.
Учурда айылда экинчи чөп чабык баштала элегине байланыштуу жана комбайн менен трактордун кыймылдаткычтарынын текшерүүдөн (обкаткадан) чыгарып, тетиктеринин майларын алмаштыруу үчүн азыркы учурда Чүй облусунда тесттик иштен өтүп жатышат. Жакынкы арада Баетов айылына оруп-жыюу иштерине толук даяр болуп келет деп кошумчалады А.Абдиев.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын жаз айында Баетов айыл өкмөтүнө Жергиликтүү муниципалитеттерди колдоо борборунун жардамы менен Дүйнөлүк банктын каржылоосунда «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак ашты жакшыртуу» долбоорунун негизинде 1 897 000 сомго гранттык негизде чегерилүүчү айыл чарба шаймандары, (тактап айтканда прессподборщик, сеялка, үрөн сепкич, мала) алынган.
Ак-Талаада дан эгиндерин коромжусуз жыйнап алуу аракеттери башталды
Барчын Мамытбекова