Куу Майдан айылы Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык округунда жайгашкан. Айылдын калкынын саны 4000 ден ашуун. Райондун аймагында массалык маалымат каражаттары жокко эсе, бир гана “Ноокат таңы” гезити жумасына бир ирет чыгат. Бир эле гезит аркылуу маалыматтарды элге толугу менен жеткирүү мүмкүн эмес. Ошондуктан мультимедиалык борбор ачуу зарылдыгы келип чыкты.
“Кеңеш нуру” мультимедиалык борборунун негизги максаты — айыл элинин маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Бул борбордун ачылышына салым кошкондордун негизгилеринин бири Абсатаров Жеңишбек. Анын айтымында борбор алгач жамааттык радио болуп ачылмак, бирок, Кыргызстан санариптик телекөрсөтүүгө өткөндүгүнө байланыштуу жыштык беруу иши убактылуу токтотулган. Ошондуктан жыштык алууну күтүп отурбастан, мультимедиа борбор катары өз ишин баштады. ”Бул борбордун ачылышы көп кыйынчылык туудурду биринчиден, документтерибизди туураладык, экинчиден эки жыл бою эл аралык уюмдардан керектүү техникаларды алууну күттүк”, — деди борбордун координатору Абсатаров Жеңишбек.
Бул борборго алынып келинген техникалар Германияда жайгашкан Немец толкуну Академиясы тарабынан каржыланып, Бишкек шаарындагы “Клооп Медиа”коомдук фондунун өкүлдөрү аркылуу орнотулду. Ал эми Жамааттык ММКлардын Ассоциациясынын тренерлери тарабынан окутуу иштери жүргүзүлүүдө. ”Ош облусунда мындай борбордон экөө гана бирөө Кызыл-Булак айылында жайгашса, экинчиси биздин айылда ачылып отурат. Албетте, бул биз үчүн абдан кубанычтуу. Келечекте бул борбор аркылуу айылыбыздагы жанылыктарды Кыргызстандын булуң-бурчуна жеткирип турабыз. Бир гана Куу Майдан айылы эле эмес, Кеңеш айылдык округуна караштуу беш айылдын (Арбын, Шаңкол, Куу Майдан, Байыш, Ак-Чабуу) тургундары биздин борбордон пайдалана алышат.”, — деп билдирди Абсатаров Жеңишбек.
Жаңы ачылган борборго негизинен айылдык округдун жаштар комитетинин төрагасы баш болгон айылдын жаштары, мектеп окуучулары ыктыярчы катары киришти. Бүгүн борбордо ыктыярчылар алгачкы билдирүүлөрүн жазуу менен башташты. ”Бул борборго келгенимдин себеби биздин айылдагы аткарылган иштер, көйгөйлөр, ийгиликтер айылдын ичинде эле калып жатат. Ал эми биз болсо айылдагы демилгелүү иштерди башкаларга да жайылтып, өзүбүздү тааныталы деп жатабыз. Биздин жаңылыктар интернеттеги kyrgyzmedia.com жана keneshnuru.kloop.kg сайттары аркылуу чыгарылат”, — деди борбордун ыктыярчысы Жеңишбек Исаев.
“Кеңеш нуру” мультимедиалык борбору Кеңеш айылдык округунун имаратында жайгашкан. Абсатаров Жеңишбектин айтымында айылдык округунун башчысы Кудайбердиев Калмамат Таирович бир топ жардамдарды көрсөттү. Биринчиден ыңгайлуу бөлмө бөлүп берип, оңдоо, түзөө иштерине жана чакан эмеректерге жардам берген.
Келечекте мультимедиалык борбор айыл элине компьютердик кызматтарды көрсөтүп, окутуу курстарын уюштуруу ишин баштоону пландаштырууда.
Даярдаган: Орозмамат кызы Мээрим