Өлкөдө 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгында Кеңеш айыл аймагына жалпысынан 21 депутат шайланса, анын ичинен 7 айымдар түздү. Алар учурда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Кеңеш айыл аймагынын төрагасынын орун басары Турсунай Кадырова жергиликтүү кеңеште айымдардын көп санда болушу маанилүү экенин айтты:
“Биз аялдар жоопкерчиликтүү келет экенбиз. Ар бир маселени караганда кылдаттык менен карап, талашып-тартышып, оң жагына чечкенге аракет кылабыз.
Социалдык маселелер боюнча көбүрөөк басым жасап иштеп жатабыз. Учурда Кеңеш айылдык ооруканасынын ашканасынын курулушу башталды. Мурда тендерден өтпөй турган экен. Депутат айымдар маселени көтөрүп жатып, сессияда каралып, 1 миллион акча бөлүндү.
Ноябрь айында жыл ичиндеги тендерден жеңип чыккан ишканалардын иштеринин бүтүшү, кышка даярдык боюнча 7 кишиден комиссия түзүп текшерип чыктык. Текшерүүнүн жыйынтыгында, биз бөлүп койгон акча тендерден өтпөй турупур. Бул маселени сессияга алып чыгып карадык”- деп билдирди депутат Турсунай Кадырова.
Кеңеш айыл өкмөтүнөн делегат Артыкали Самат уулу көйгөйлөрдү чечүүдө тең салмактуулук болуу үчүн, жергиликтүү кеңеште аялдардын болуусу шарт дейт.
“Жергиликтүү кеңешке белгилүү санда аялдарга атайын квота берилди. Аялдардын мындай жумуштарда болгону абдан жакшы, себеби аялдар дагы тереңирээк ойлоно турган маселелер болот. Эркектер чарбачылык иштерге басым жасап, кээ бирки аялдар тереңирээк түшүнгөн иштер артта калып кетиши мүмкүн.”
Депутат Нургүл Абдикаримова аялдардын саясатта катышуусу коррупцияны жок дегенде 10 пайызга азайтат деп эсептейт.
“Депутаттардын баары тең укукка ээ. Социалдык, экономикалык, саясий маселелерге көңүл бөлүп, алардын активдүү чечилишине мүмкүнчүлүгү бар. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жогорку кеңештин депутаттары менен сүйлөшө алат. Ага мисалга бир нече жолку чакырылыштын депутаты Турсунай Кадырова көптөгөн бейөкмөт уюмдар менен ишешип, айылыбызга көптөгөн инвестицияларды тартып келет.”
Жергиликтүү кеңешке аял депуттардын келүүсүнө аялдарга бөлүнгөн квота шарт түздү. Куу-Майдан айылынын тургуну Рахматжан Мадраимов Жогорку Кеңештен аялдар үчүн квота бөлүнгөнүн эң туура чечим болгондугун белгиледи.
“Эркектерге караганда аялдардын көйгөйлөрүн, алардын маселелерин аялдар өздөрү жакшы билет эмеспи. Ошол нерселерди айтып, көтөрүп чыкканга аял депутаттардын жардамы чоң.”
Кеңеш айыл аймагынын депутат айымдары ай сайын атайын семинар, тренингдерден өтүп, айылдын өсүп өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошуп келишет.
Аймончок Кожонова