Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Зиягүл Козу кызы көп кырдуу талант ээси, ушул айылдын алдыңкы активист айымдарынын бири. Ал жаш кезинен эле көп нерсеге кызыгып, комуз чертип, ыр ырдап, ар түрдүү талантын элге көрсөтүп келет.
“Эл менен иштешүү өтө кыйын, элдин арасында 5 кол бирдей эмес дейт. Ар кандай эл болот, бири түшүнүп келет, бири түшүнбөй келет. Эл менен 4 жылдан бери жакшы эле иштеп келе жатам. Түшүнбөгөн жерлерин түшүндүрөм, маалымат сураса билгенимди айтып келген жарандарды жакшы кабыл алам.”
Жумуштан сырткары айыл өкмөттөгү бардык коомдук иш чараларга катышып, кандай гана иш чара болбосун алдыңкы катышуучу. Ал 10 жашынан тарта комузда ойноп, азыркы күнгө чейин комузун колунан түшүрбөй келет.
“Мектепте кандай иш чара болсо комузумду көтөрүп чыгып күүлөрдү чертип, ырдап жүрүп, 10-11-класска барганда өзүм “Келечек” деген күү жаратканмын. Ошол мезгилде мектептер арасында ыр кесе деген болчу, ыр кесе жарыш болгондо Арипов Ибрагим агай мени өзү жетектеп, жүр ушул күүңдү ошол жерде аткар, өзүңдүн талантың бул, өнөрүң деп алып барып, ошол ыр кеседе ушул Келечек деген күүнү жарык кылып элге тартуулап бергенмин. Андан бери 47 жашка чыксам ушул комузга азыр 37 жыл болду. Комузум менен жумушта иштеп бираз чарчаганда ушу менен алектенем, колума ала калып чертем.
Воллейболго кичинесинен кызыгып, 6-классынан тарта мектептин курама командасында ойногон. Учурда айылдар аралык айымдар арасында сынактарды уюштуруп, андан сырткары өзүнүн командасы менен айылдык, райондук, областтык мелдештерге катышып алдыңкы орундарды ээлеп келет:
“Былтыртан бери биздин Кеңеш айыл өкмөтүндө 5 айыл болсо ушул 5 айылдын ичиндеги аялдар боюнча топ уюштурганбыз. Кыймыл аракетте болсун деп, ден-соолук учун уюштурганбыз, ошодон бери ойнолуп келе жатат.»
Зиягүлгө үй-бүлөсү ар тараптуу колдоо көрсөтүп келишет. Буга чейин жолдошу воллейбол оюндарына, ар кандай сынактарга, ыр кеселерге өзү алып барып келчү. Ал эми жакында баласы автоунаа белек кылып, үй-бүлөсүнөн дагы да чоң колдоо алды.
“Балдарым дагы эчкимиси каршы болбойт, кайра апа бул сиздин талантыныз, муну эч качан таштабаң, андан көрө ырдаң, кандай талантыңыз болсо чыгара бериң деп мага жакшы колдоо көргөзүшөт.”
Учурда ар тараптуу активдүүлүк көрсөткөн элеттик айымдардын саны өсүп баратат. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн мындай айымдардын салымы өтө зор. Андыктан, коомчулук бирдей мамиле жасап баарына тең кароого үйрөнүүсү учурдун талабы.
Аймончок Кожонова