Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жана «TORNADO» көңүлдүү жигиттер тобу уюштурган «Жыл мыктылары-2022» сынагында «Кызыл-Булак» жамаатык мультимедиа борборунун кабарчысы «Жылдын мыкты журналисти» наамын алды.
Кызыл-Кыя шаарынын маданияттын мыктысы, уюштуруучу Динара Садыбакасова: «Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде өттү. Кызыл-Кыя шаарында 1-жолу уюштурулду. «TORNADO» көңүлдүү жигиттер тобу жана мен уюштурдум. Жыл мыктылары-2022 сынагынын талабына ылайык катышкан талапкерлер взнос берип катышты, өздүк наамдар 4 миң сомдон, ал эми ишканалар 5 миң сомдон. Бул иш- чарада жылдын мыкты салону, косметологу, мыкты ырчы мырза, мыкты ырчы айым, мыкты кафе, мыкты ишкер, мыкты кабарчы, мыкты бийчилер тобу мыкты кайрымдуулук фонду, мыкты тамаданы аныктадык. Жыл мыктыларын добуш берүү аркылуу аныктадык. Бул иш- чара шаарыбыздын алдыңкы ресторандарынын бири «Максат» ресторанында белгиленди. Корпоративде лотереялык оюндар, чай концерт менен коштолду. Билет баасы көрүүчүлөргө 1500 сом болду. Жыл мыктыларын сыйлоо учурунда мэр катыша албаганына байланыштуу 30-декабрь мэр өзүнүн кабинетинде куттуктап, диплом тапшырды.»
Чынара Көчкөнбаева, Жумагүл Көчкөнбаева