Ушул убакка чейин айылдагы жолдордун сапаты начар болгон. Учурда жолдор оңдолуп бүттү. Былтыр Кулатов айыл өкмөтүндө сегиз жарым километрге тендер өткөрүлүп, быйыл ал оңдолуп аягына чыгарылды.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун билдиришинче, Оштогу «Ак Алтын» фирмасы тендерди утуп алып, баасы 33 миллиондон ашуун акчага жолду асфальттаган.
«Жолдун сапатын өзүңөр көрдүңөр, сапаты жакшы, өтө жакшы десек да болот. […] Жолдун калыңдыгы алты сантиметр, туурасы алты метр, жалпы узундугу сегиз жарым километр жол асфалтталды»,- деди Мадимаров.
Анын айтымында, кеткен каражат жергиликтүү бюджеттен каралган.
Кызыл-Булак айылынын тургуну Иманаалы Эшенкулов азыркы жолдун абалы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.
«[Жолдун] айырмасы ат менен төөдөй. Жол жакшы болуп калды, кудайга шүгур. Мурдагы жол эми начар болчу. Унаалар эми өтө тездикте журүп жатат, МАИлер эскертип турушат»,-деген ою менен бөлүштү айыл тургуну Эшенкулов.
Жол эки жылда жасалып бүткөн. Буга чейинки жасалган жол аз убакыттын ичинде ыдырап бузулган. Кайра оңдоп жасалган азыркы жолдун сапаты жакшы дешет Кызыл-Булак айылынын тургундары.
Даярдагандар: Кызжибек Жыргалбек кызы, Мээирим Алмазбек кызы