Маданият үйү Жал совхозунда 1974-жылы курулган. 1988-жылы Кулатов совхозунун маданият үйү болуп калган. Ал эми 2009-жылы маданият үйү Кулатов айылдык кеңешинин сессиясында каралып, ага Жолдошали Амиралиевдин ысымы коюлган.
Маданият үйүнүн бөлүм башчысы Саадат Макышованын билдиришинче, бул үйдүн бул күнгө чейинки абалы өтө начар болгон.
«Сахнада жылуулук системасы жок болгон, тамдан тамчы өтүп турган. Ал эми азыркы күндөгү абалы абдан жакшы. Себеби биз атайын тендер уюштурганбыз. Айыл өкмөтүнүн бюжетинен 3 000 000 сом акча болүнгон, ошонун негизинде биз маданият үйүнүн чатырларын, полдорун баардык шарттарын түзүп алдык»,-деп айтып берди Макышова.
Ал кошумчалагандай, маданият үйүндө мындан ары майрам күндөрүн, мектептер арасындагы сынактарды жана шайыр тапкычтардын сынагын өткөрөүп турушмакчы.
«Азыркы кезде жандуу үн аспаптарын алдык. 68 000 сомго маданият үйүнүн кызматкерлерине форма алдык. Көшөгөлөрдү оңдоо үчүн 175 000сом бөлүндү”, – деди маданият үйүнүн бөлүм башчысы Саадат Макышова.
Даярдагандар: Гүлзира Курсанали кызы, Гүласал Абдиламит кызы