Иш чарага Үч-коргон айылынын тажик жана орус тилдүү орто мектептеринин окуучулары катышты. Алар кыргыз тили боюнча ар кандай таймаштарга катышып, билимин сынашты.
Фестиваль айылдагы Пушкин орто мектебинде болду. Азиза Садиржанова аталган мектептин тарбиялык иштер боюнча организатор завучу. Бул фестиваль кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгына карата өткөрүлүп, мында ар кандай макал айтышуулар, акыйнектер жана бийлер менен коштолгондугун билдирди.
“Мына бүгүн мектебибизде тил майрамына арналган линейка уюштуруп өткөрүлдү. Ата-энелер да майрамга катышты. […] Айыл өкмөттөн ардак грамоталар, белектер берилди”, — деди Садиржанова.
Үч-Коргондо ар бир мектепте ушундай майрамдар уюштурулуп, анын жетекчиси Пушкин орто мектебинин мугалими Айша Исакова болуп саналат.
Азиза Садиржанова кошумчалагандай бул майрам чоң шаан шөкөт менен өтүп достук жана биримдикке үндөгөн.
Иш чараны өткөрүүгө Үч-Коргон айыл аймагынын башкармалыгы да көмөк көрсөткөн.
Даярдаган: Махлиё Юлдашева